«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Манас районунда өрткө каршы куткаруу бөлүгү ачылды

25 Декабрь 2019 жыл 13:25
Көрүүлөрдүн саны: 52

      Манас районунда жаңы өрткө каршы куткаруу бөлүгү ачылды

Бүгүн, 2019-жылдын 24-декабры күнү Талас облусунун Манас районунда жаңы курулган №100 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн имаратынын ачылыш аземи болуп​ өттү.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов, КР ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын жана Манас районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө министр Н.Мирзахмедов жалпы катышуучуларды куттуктап өттү.

“Жаңы курулган №100 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн имараты толук кандуу бүткөрүлүп, расмий түрдө ачуу аземине мына бүгүн күбө болуп жатабыз. Президентибиздин 2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгына ылайык, бул жаңы имарат Сиздердин татыктуу эмгегиниздер жана кошкон салымыңыздар болду десем жаңылышпайм. Куткаруу бөлүгүнүн курулушуна өздүк курам ашар жолу менен жапа тырмак аракет кылып, чоң колдоо көрсөтүштү. Колдоо көрсөткөндөргө жана өздүк курамга ыраазычылык билдирем. Эң негизгиси, ар бир эмгектин акыбети кайтып, эл –жерибизде тынчтык, үмүттүү келечек, жашоонун жыргалчылыгы орноп турсун”, — деди министр Н.Мирзахмедов.

​ Курулуш иштерин жүргүзүү үчүн, Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин​ буйругунун негизинде,​ имараттын долбоору даярдалып, долбоор боюнча 9211112 сомго смета түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министирлигинен жалпысынан 6 млн. 832​ 725 сом акча каражаты которулуп, ​ өздүк курамдын күчү менен куруу иштери толук аяктады, ал эми бюджетке ​ 2 378​ 387 сом үнөмдөлгөн.
Имарат заманбап талабына жооп бере ала тургандай салынып, административдик бөлүгү эки кабат, кышкысын жылуу, 2 гараж, ал эми резервде 1 гараж бар.

Даярдаган: Марат Баялиев, Кундуз Мырзалиева.