«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Журналисттеринин жана ЖМКларынын укуктарынын бузулушуна мониторинг боюнча семинар болуп ѳттү

5 Декабрь 2019 жыл 13:54
Көрүүлөрдүн саны: 43

Журналисттеринин жана  ЖМКларынын  укуктарынын бузулушу боюнча семинар ѳттү.

 Аталган семинар 3- декабрда Талас шаарында болду.Семинарды «Журналисттер» коомдук бирикмесинин тѳрагасы Марс Тулегенов жана аталган коомдук бирикменин мүчѳсү Марат Токоев ѳткѳрүштү.

 

Анда «Сорос- Кыргызстан» фондусунун колдоосунда «Журналисттер» коомдук бирикмеси    « Институт Медиа Полиси» коомдук фондусу менен биргеликте  КРнын журналисттеринин жана ЖМКларынын укуктарынын бузулушуна  2020- жылдын май айына  чейин эсептелген мониторинг жүргүзүү долбоорун  үстүндѳ иштеп  жатышкандыгынын билдиришти.

«Журналистер» коомдук бирикмесинин ар бир аймактагы кабарчы- байкоочулары журналисттердин жана ЖМКлардын укуктарынын бузулушуна байланыштуу бардык фактыларды каттап, ал фактылар тууралуу маалыматтарды даярдашат.

«Институт Медиа Полиси» коомдук фондунун юристтери айрым окуялар  боюнча юридикалык комментарийлерди берерин айтышты. Ал билдирүлѳр « Журналисттер»коомдук бирикмесинин сайтына жарыяланып,айдын аягында талданып бардык кызыкдар тараптарга  жиберилет экен. Ал эми жылдын аягында жыйынтыктоочу мониторингдин отчету китеп болуп басылып чыгарылат экен.

«Бул семинар журналисттер үчүн  абдан кызыктуу болду.Себеби, журналисттердин  укуктары бузулган учурлары аз эмес. Аталган мониторинг белгилү денгээлде журналисттердин жана ЖМКлардын укуктарынын бузулушуна чек кое алат деген үмүт артат» — деп билдиришти  Батма Байымбетова, «Радиомост» жамааттык уналгынын элдик кабарчысы, Нуржигит  Сейдалиев, « Талас Турмушу» гезиттин кызматкери жана Сабира Момункулова, «Радиомост» жамааттык уналгынын элдик кабарчысы.

 

Даярдаган: Кундуз Мырзалиева