«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Жаңы мектептин пайдубалына капсула салынды

5 Декабрь 2019 жыл 11:47
Көрүүлөрдүн саны: 31

Манас районуна караштуу Нылды айылында болушуп, жаны мектептин пайдубалына капсула салышты.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенештин тѳрагасы Д.А.Жумабеков жана Катар мамлекетинин Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Абдалла  Ахмед Аль Сулайти Манас районуна караштуу Нылды айылында болушуп, жаны мектептин пайдубалына капсула салышты.

Манас районуна караштуу Кайынды айыл аймагына  караштуу Нылды айылы алыскы жана кыйын жетүүчү айылдардын тизмесинде  турат. Айылдагы Ѳмүрзак Израилов атындагы орто мектебинин  имараты финн тибинде. Ал 1971- жылы 85 балага ылайыкталып курулган. Ал кезде ар бир класста 10-12 гана окучу болгон. «Элүү жылда эл жаны» дегендей, элдин саны ѳсүп, класстардагы окуучулардын саны 27-28ге жетти. Элүү жылга жакын бул убакыттын ичинде мектептин полдору чирип, дубалдары тешилип, класс бѳлмѳлѳрү ѳтѳ тар болуп  калды.

Мындан улам жаңы мектеп куру зарылчылыгы келип чыгып, үстүбүздѳгү  жылдын жаз айларында эл Жогорку Кенештин тѳрагасы Д.А. Жумабековго кайрылган эле. Тѳрага ушул жылдын 7- августундагы Талас облусуна  болгон иш сапарында аталган айылга келип, Катар мамлекетинин каржылоосу менен жаңы мектеп салынарын убадалап кеткен эле.

Ал убада аткарылып, жаңы мектептин пайдубалына капсула салынды. Ошондой эле  коноктор сѳз сүйлѳшүп, калоо- тилектерин билдиришти.  Айылдык аксакалдар сотунун тѳрагасы А.Сооронбаев  ак батасын берип, иш жыйынтыкталды.

 

Даярдаган: Момункулова Сабира, Кундуз Мырзалиева