«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Таштакеева Кишимжан ишкер: «Мамлекет тарабынан жеке ишкерлерди колдоо солгун болуп жатат»

24 Ноябрь 2019 жыл 11:56
Көрүүлөрдүн саны: 62

Мен өзүм көптөн бери туризм боюнча, туристерди конок үй менен камсыз кылуу жаатында өз күчүбүз менен иштеп келе жатабыз. Бирок ишкерлик менен алектенген соң каржы булактарына көз каранды болот экенсиң маселен банктардагы пайыздык чен жогору жана залогу базар баасынан бир топ ылдый алышат.

Мамлекет жеке-өнөктөштүк жөнүндөгү мыйзам жөнүндө айтып кетсеңиз?

МЖӨ жөнүндөгү мыйзам өтө эле чийки жана ишкерлердин эч кандай кызыкчылыгы бул мыйзамда жокко эсе. Мен өзүм бул мыйзамдын негизинде иштөө менин өзүмдүн башыман өтүп, ишкер катары бул мыйзамдын негизинде иштешкен ишкерлер жыйынтыгында эч кандай үзүрүн көрбөйт экенбиз.

Даярдаган: Мурат Шамиль