«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

2019-жылдын 9 айында тышкы соодада 56-өлкө менен алака жүргүзүп, жалпы суммасы 1 млрд 895,4 млн сомду түздү

26 Октябрь 2019 жыл 16:08
Көрүүлөрдүн саны: 45

23-октябрь 2019-жылы «ЕЭБтин аймагына  айыл чарба продукциябызды канткенде экспорттоп киреше тапсак болот?»- деген темада талкуу болуп, студиябызга Региондорду өнгүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Казбек Малабекович, Талас зоналдык ветеринардык лабараториясынын жетекчиси Ильяс Байысбекович, Өсүмдүктөр карантини боюнча башкармалыгынын орун басары Талантбек Канатбекович катышышты.

Негизинен ЕЭБтин алкагында кандай иш чаралар, экспорттор болуп жатат?

2019-жылдын 9-айында 1287-тонна сүт азыктары экспорттолуп,  тышкы соодада 56-өлкө менен алака жүргүзүп, жалпы суммасы 1 млрд 895,4 млн сомду түздү. Бул өткөн жылдын 9-айына салыштырмалуу 650 млн сомго кобүрөөк экспорттодук анын ичинен басымдуу бөлүгү төө бурчагыбыз дүйнөнүн 30-өлкөсүнө экспорттолот.

Кандай көйгөйлөр бар?

Негизинен бизде ири көлөмдөгү продукцияларды бере албай жатабыз. Көп учурда майда дыйкан чарбалары ар кандай сорттогу айыл чарба өсүмдүктөрү болгондуктан 1 стандарттагы өсүмдүктөрдү чыгара албай жатабыз. Биз дыйкандарды кооперативке бириктирүү боюнча иш жүрүп жатат.  Андан тышкары логистикалык борборлорду түзүү боюнча да иштерди жүргүзүп жогорудагы көйгөйлөрдүн үстүнөн иштеп жатабыз

Даярдаган: Мурат Шамиль