«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Германиядан келген элчи окуучуларга диплом тапшырды

25 Октябрь 2019 жыл 12:13
Көрүүлөрдүн саны: 26

‘’Бул дагы бир жолу тастыкталды деп Германиянын элчиси диплом тапшыруу аземинде белгиледи. Мындан тышкары ал окуучулардын тил өздөштүрүү эле эмес, активдүүлүгүнө зор баа береерин’’- Моника Эверсон белгиледи.

Немец тилин өздөштүрүү боюнча биринчи, экинчи,үчүнчү даражадагы дипломдор окуучуларга германия өлкөсү тарабынан өткөрүлгөн, атайын сынактын негизинде гана берилет. Быйылкы жылы аталган сынактан тапшырган 7, 9, 10 классынын 70 окуучусу аталган дипломго ээ болушту. Иш-чарада салтанаттуу түрдө окуучуларга элчи өз колу менен дипломдорду тапшырды.

‘’Негизи бул дипломду алуу үчүн биз 2 жылдан бери даярданып келе жатабыз. Мектепте жумасына 8 жолу немец- тил сабагы өтөт. Ал эми эжелерди айта кетсек Раиса Алиевна жана Үмүт Шейшенбековна деген эжелер бизге сабак берет,- деп 10-класстын окуучусу Акылай Ашымбекова айта кетти.

Салтанаттуу иш-чара окуучулардын орус жана чет тилдеги концерттик программасы менен улантылды.

Учурда Талас шаарында немец -тилин тереңдетип окуткан жалгыз  №3 мектеп- гимназиясы болуп эсептелет. Мектепте 1200 окуучудан, 3-класстан баштап 1000 окуучу немец- тилин өздөштүрөт, 7 мугалим немец тилинде сабак берет. Аларга жылына Германия өлкөсүнө барып тажрыйба топтоого да шарттар каралган.

 

Даярдаган: Жаныл Жусупбекова, Адеми Зоотбекова