«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Идирисова Алтын: “Кадр маселесинде көйгөйлөр өтө эле көп”

2 Октябрь 2019 жыл 8:43
Көрүүлөрдүн саны: 60

30-сентябрь 2019-жылы жаш ишкер, жарандык активист Кыргызстандагы кадр саясаты кандай жүрүп жатат деген сурообузга төмөндөгүдөй жооп кайтарды.

Бүгүнкү күндө кадр саясаты кандай денгээлде жүрүп жатат?

Менин оюмча кадр саясаты өтө эле төмөн денгээлде себеби баягы эле келе жаткан көйгөйлөр бар. Кадр маселесиндеги чон көйгөйлөрдүн бири бул айлык маянанын астыгы, татыктуу кадырлардын бааланбай баркталбай жатканында.

Кадр маселесинде кандай көйгөйлөр бар?

Кадр маселесинде көйгөйлөр өтө эле көп. Маселен менин жогорку билимим бар өзүмдүн кесибим менен аз убакыт гана иштедим себеби айлык маяна аз, кадрларды, жаштарды көтөрмөлөө, стимул берүү деген жокко эсе. Эгерде эртерээк көтөрүлөм десең көп учурда таанышың болуш керек же жогорку кызмат адамына жагынып, жагалданышың керек. Мен мындай жолду тандоодон баш тартып, жеке ишкерлике өттүм.

Сиздин оюңузча кадр саясаты жакшы нукка түшүш үчүн эмнелер жасалышы керек?

Биринчиден иштейм, өзгөртөм, жаңылануу алып келем деген билимдүү, тажрыйбалууу жаш кадрларды сөссүз көтөрүп, бутуна бут, колуна кол жардам өкмөт тарабынан милдетүү денгээлде көңүл бурулуп жардам берилиши керек. Экинчиден кадр саясаты боюнча тыкаттык менен күнгөй тескей жактарына баа берилип анализ жүрүшү керек. Андан тышкары кадр маселесинде эч кандай достук, тааныштык, туугандык болбошу керек.

Даярдаган: Мурат Шамиль