«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Кыргыз тарыхындагы эң алсыз парламент ушул парламент

30 Сентябрь 2019 жыл 10:16
Көрүүлөрдүн саны: 37

25-сентябрь 2019-жылы 2020-жылы боло турган шайлоолор боюнча жергиликтүү кеңештин төрагасы Жеенчороев Кубаныч өз ою менен бөлүштү.

Алдыдагы 2020-жылы боло турган шайлоолордон эмнелерди күтсөк болот?

2020-жылкы шайлоо мамлекеттин багытын аныктоочу, көптөгөн маселелерди онүгүү жолуна же артка кете турган жолго түшурүүчу шайлоо болот деп эсептейм.

9% босого кандай көз караштасыз

9% босогодо тилекке каршы көптөгөн партиялар өтпөйт жана мындай босого жаныдан чыккан партияларды, лидерлерди тизгиндөөчү босого болуп эсептелет. Ар бир саясатка аралашам деген жаранга шарт тузүлүш керек. Бүгүнкү күндө саясий партиялар ар кандай сүйлөшүүлөрдү уюштуруп, соодалашуулар башталып жатат.

Жаштар кандай жол менен шайлоого барыш керек?

Бүгүнкү күндө жаштардын саясий жолдорун бууп койгон, себеби: шайлоого бир гана саясий партия аркалуу эле барышат жана ошол эле саясий партиялардын лидерлери  баардык маселелерди  чечет. Ошондуктан, кааласак каалабасак да, жакса жакпаса да, жаш лидерлерибиз ошол саясий партиянын лидеринин сөзүн суйлөөгө туура келет.

Канткенде Жогорку Кеңешке билимдүү, абиирлүү, тажрыйбалуу адамдар келет?

Эми тилеке каршы бүгүн парламентте 70-80% акчанын арты менен келип калган. Маселен мен жергиликтүү кеңештин депутаты катары өзүбүздүн жергиликтүү маселелерди жеринен билебиз кандай көйгөй бар экени жадыбалдыдай жаттап алганбыз. Бүгүн парлементте олтургандар койгойду билмек турсун түшүнбөгөндөр олтурат.

2020-жылы эң кымбат шайлоо болобу?

Кыргызда жакшы сөз бар “Элдин сөзү Кудайдын көзү” дейт  андыктан чындап эле кымбат шайлоолор болот. Себеби 9% босогонун өзү эле добуштарды сатып алууга түптүз жол ачып салды.

Бүгүнкү парламент көз карандыбы?

Мен 20-жылдан ашуун ар кандай саясий коомдук иш чараларда түздөн түз аралашып жургөн жаран катары айта алам Кыргыз тарыхындагы эң алсыз парламент ушул парламент.  Ошол алсыздыгын көрүп эле жатабыз да чек ара маселеси болобу, кен байлыктар маселеси болобу же карапайым калктын көйгөйлөрү болобу алсыздыгын көрсөтүштү. Мындай парментти мен: базарком парламент, криминал аралашкан парламент, бийликтин заказын аткарган парламент деп айтам.

Даярдаган: Мурат Шамиль