«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Кыргызстанда муундар аралык жана гендердик чектер алкагында коомчулуктардын гендердик зомбулукка каршы күрөшү

26 Сентябрь 2019 жыл 13:06
Көрүүлөрдүн саны: 43

Талас шаарындагы ТОСМ коомдук фондунда Кыргызстанда муундар аралык жана гендердик  чектер алкагында коомчулуктардын гендердик зомбулукка каршы күрөшү  тренинг болуп өттү.

Кыргызстанда муундар аралык жана гендердик  чектер алкагында коомчулуктардын гендердик зомбулукка каршы күрөшү ” долбору мундар аралык топторду уюштуруу, себеби коомдогу гендердин стереотиптерди калптанып калган көрүнүш адарттарды өзгөртү. Тренинг «Агенты перемен» коомдук бирикме тарабынан уюштурулган. Аксакалдар сотунун мүчөлөрү, айыл өкмөтүнүн өкүлдүрүнө жана аялдар комитетинин мүчөлөрү үчүн окутуу өттү.

“Менин атым, Марина Эдигеева, бириккен улуттар уюмунун аялдар түзүмү тарабынан Талас облусунда ишке ашырылып жаткан долбордун областык координатору болуп иш алып барам. Мажбурлап турмушка берүүнүн практикасын өзгөртүү боюнча ар кандай иш- чараларды жана ошондой эле окутууларды өткөрүп жатабыз. Ушундай эле, коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү үчүн гендердик зордук зомбулук тууралуу маселелерди кандай коомдун күчү менен иштерди аткарса болот жана жыйынтыкка келем деген окуулар жүрүп жатат”,- өз пикирин айтып кетти.

“Мен, Мырза Шабданбекова, өтүлүп жаткан тренингдин тренери болом. Бул эки күндүк тренинг “Кыргызстанда муундар аралык жана гендердик  чектер алкагында коомчулуктардын гендердик зомбулукка каршы күрөшү” деген долбоор алкагында өттү.  Долборду уч уюм ишке биргиликте ашырып жатышат,  алар “HelpAge international”, “UN WOMEN” жана “Агенты перемен”.  Негизги тренингдин максаты: аксакалдардын соту жер- жерлерде зордук зомбулуктун маселелерин чечиш жана алдын алуу үстүндө иштеш. Тренингде аксакалдар гана эмес, долборго пилоттук болуп кирген айыл аймактардын активдери, жергиликтүү институттарынын мүчөлөрү, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү жана кеңеш депуттары катышышты. Тренингдин аягында катышуучуларга сертификат тапрышылды.  Ал эми 27-28 сентябрда Ак- Дөбө айылын окутабыз”- деди ал.

“Мен, Токтогул Кенжегулов, айыл өкмөтүндөгү аксакалдын сотунун төрагасы болом. Талас шаарында ТОСМ коомдук фондунда тренинг өтүп жатат. Мен, бул тренингке катышанымдын максаты уй- бүлөлүк зордук зомбулуктун себебин чечүү.

“Кыргызстанда муундар аралык жана гендердик  чектер алкагында коомчулуктардын гендердик зомбулукка каршы күрөшү”  тренингинин уюштуруучуларына жана тренерлерине ыраазычылык билдирем. Жана ошондойле алган билимимди кененирээк мен жашаган айылдын жаштарына жайылтам”,- белгилеп кетти.

Даярдаган: Адеми Зоотбекова, Жаңыл Жусупбекова