«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

«Мен жана Медиа» аттуу тренинги болуп өттү

19 Сентябрь 2019 жыл 14:54
Көрүүлөрдүн саны: 26

Талас шаарындагы ТОСМ коомдук фондунда “Мен жана Медиа” интерактивдүү тренинг болуп өттү.

Катышуучулар «Радиомост» уналгысында

Жарандык журналистика деген батышта бир кылым мурда эле пайда болгон. Убакыт өткөн сайын журналисттер менен жарандардын ортосунда айырмачылык азайып бара жатат. Смартфондор ошол эле гаджеттер, заманбап технологиялар күнүмдүк турмушта ар бир адамдын журналист болуп жүрүүгө мажбур кылат. «Мен жана Медиа» тренингинде маалыматтар чын жана калп фактчекинг аркылуу айырмасын, гезиттин жаралуусу ага кантип материал жасааларын, маалыматтарды сынчыл коз караштан өткөрүп, кабыл алууга, татаал шарттарда да смартфонго сапаттуу видео жана сүрөттү тартууга, кызыктуу интервьюларды алууга үйрөнө алышты. Демилге Абдыжапар Баркыбаев жана Азамат Каработоевдын тарабынан болгон. Бул иш- чараны дебаттык билим берүүнүн эл аралык Ассосациясы- Нидерланды өкмөтү тарабынан каржыланган. Тренинге 15тен ашык катышуучу катышты. Тренингдин аягында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Арасында катышуучулардын материалдары  гезитке, радиого жана телевидение сайттарына жарыяланды.

«Мен жана Медиа»

«Мен, Айзат Бакасова, Талас районуна караштуу Кара-Ой айылынан болом. Кыргыз Улуттук университетинин  журналистика факултетинде 2- курста окуйм. Азамат Каработоев жана Абдыжапар Баркыбаев агайдын үч күндүк тренингине келип, үналгылардын, телеканалдардын иштөөсү менен танышып жүрүп жатабыз. Мен кызыккан суроолорума канаттандырарлык жооп ала алдым. Белгилеп кетсем тренингден көп нерселерди үйрөнуп, билип алдым. Мен алган билимдеримди келечекте жумушума колдоном”,- деди ал.

“Мен Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факултетинде 2- курсунда окуйм.

Биз «Мен жана Медиа» атту интерактивдүү үч күндүк тренингине катышуучусумун. Биздин турубуз «Радиомост» уналгысында болду. Уналгы боюнча айта кетсем, бизди абдан жылуу кабыл алышты, баардыгы менен таанышып чыктык, жаш болсо дагы тажрыйбалуу ыктыярчылар иштешет экен. Бизге абдан жакты. Бул интерактивдүү тренинги биздин күтүлөрүбүздү ишке ашырылды”,- катышуучу Сезим айым өз пикири менен бөлүштү.

“Мен Эркайым Эшманбет кызы, Талас облусунун Кара- Буура районунун Чолпонбай айылынан болом. Азыркы учурда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин 2- курста окуйм. Мен журналистикалык тренингине катышканымдын максаты, фактчекинг аркылуу айырмасын, гезиттин жаралуусу ага кантип материал жасааларын, смартфонго сапаттуу видео жана сүрөттү тартууга ошондой эле командада иштөөну үйрөндүм. ”Мен жана Медиа” тренингинин уюштуруучуларына жана тренерлерине ыраазычылык билдирем», — белгилеп кетти.

Даярдаган: Адеми Зоотбекова, Жаныл Жусупбекова