«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

КР Президентинин 2019-жылы Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында Талас шаарында кандай иш чаралар жасалды

22 Август 2019 жыл 9:54
Көрүүлөрдүн саны: 69

2019-жылдын  20-августунда Талас шаарынын мэри Жусупбеков Айдар Жапарович КР Президентинин 2019-жылы Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында Талас шаарында кандай иш чаралар жасалды деген темада маек куруп, төмөндөгү жасалган иштер менен ой бөлүштү.

2019 жылы аймактарды онүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыяланганы аябай жакшы болду деп эсептейм. Себеби биздин Талас шаардык бюджетине подоходный налогдон чогултулуп, түшкөн акча каражаттарынын  50 пайызы өкмөттүн бюджетине кетсе, быйылтан баштап КР өкмөтүнүн демилгеси менен жергиликтүү бюджетке подоходный налогдон түшкөн каражаттын 70 пайызы жергиликтүү Талас шаарынын бюджетине түшө баштады. Мындай демилге Талас шаардык бюджетине 20% көбүрөөк бюджет түшөт дегенди билдирет  тагыраак айтканда 11 млн сом жылдагыга караганда көбүрөөк түшөт. Биз Талас шаардык мэриясы инвестиция салам, иштетем деген ишкерлерге колубуздан келишинче жерлерди бөлүп берип, канализациясын киргизип, трансформаторлорун коюп шарт түзүп берип жатабыз. Андан тышкары инфраструктураларды жасап,союз убагынан жасалбан жолдор салынып жатат.  Алэми Республикалык бюджеттен болсо долбоор жасып 12 млн сом өлчөмүндө акча каражаттарын тартып келдик.

Даярдаган: Шамиль Мурат