«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

КР Президентинин 2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жарлыгына ылайык Талас облусунда эмнелер жасалды?

22 Август 2019 жыл 11:44
Көрүүлөрдүн саны: 54

Негизинен КР Президенти Сооронбай Шариповичтин демилгеси менен 2019 жылы аймактарды онуктуруу жана санариптештируу жылы деп  жарыя  кылганы эң туура деп эсептейм. Себеби аябай жакшы иш-чаралар өтүп 2 млрд 300 млн 143 миң сом жалпы ушул региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында бөлүнүп жакшы натыйжаларды берүүдө. Талас облусу боюнча айта кетсем суугат сууларды элге жеткирүү, аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында 2018-жылы 13 БСРди ишке бердик жана бул БСРлерди жасаган соң быйыл жакшы натыйжа берип, суу жетпеген жерлерге суу жетип, дыйкандардын өсүмдүтөрүнүн түшүмдүүлүгү көтөрүлдү. Быйыл 2019-жылы да кошумча БСР, БДРлер жасалып,биздин үнөмдөөнун эсебинен мамлекетке 26 млн сом үнөмдөп бердик. Ушу Президентибиздин жарлыгына ылайык буга чейин 11 млн сомдун тегерегинде налог көтөрүлүп турса 2018-жылы 2017-жылга салыштырмалуу биз 98 млн сомго налогду көтөрүп, бул каражаттарды бюджетке  котордук. Андан тышкары Талас облусундагы Кыргыз-Казак Чоңкапка чекара постунан экспорт импорт 11 млн сомдон ашчы эмес, биз ошону 43 млн сомго көтөрө алдык. Быйыл кудай буюруса Таласта көчмөндөр оюнун өткөрүү үчун болгон аракетизди жасап, эң мыкты деңгээлде өткөрүп алабыз деген ойдобуз.

Даярдаган: Шамиль Мурат