«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Айылда кайрымдуулук фонду түзулдү

11 Июль 2019 жыл 13:17
Көрүүлөрдүн саны: 73

Манас районундагы Нылды айылында 1971- жылы курулган эски мектеп жана Кызыл- Ай коому тарабынан курулган жаңы фабкана бар. Жаштар барып эс алуучу клуб, спортзал дегендер жок, ошондой болсо да демилге көтөруп коомдук башталышта алгуулукту иштерди жасап жатышат. Алардын бири айылда «Кайрымдуулук Нылды» атту топту тузүлүшү. Топту түзүү демилгеси жашоого үндөгөн алгуулукту иштерди аркалап жүргөн айылдын жаш активисти Майрамбек уулу Нурсултан сунуштаган. Бул актидүү уюштуруучулар жаш ыктыярчы Өмурзаков Хантемир жана мектептин жаш мугалими Сманкулова Диляра.

Бул топту түзүүнү айылдын активисти Майрамбек уулу Нурсултан сунуштаган эле. Мен жана Хантемир алгач мугалимдерге барып маалымат бердик. Алар колдоп өздөрүнун көмөктөрүн көрсөтөөрун айтышты. Исмаилов Райилбек жана сүт таашыган Батыркулов  Арстанбек Талас шаарынан акысыз азык- түлүк ташып берүүнүн милдетин алышты. Ошентип топ түзүлдү. Бул жерде өзунүн алдына жараша каражат бөлүп берди.

«Кайрымдуу Нылды» коомдук фонду бул Нылды жана Сары- Булак айылында жашоо шартында жардамга муктаж жараандарга жана үй- бүлөлөргө  жардам берүү жана ошондой эле жакырчылыкты жойуу максатында түзүлгөн. Коомдук фондко айына 200 сомдон жардам бере алышат . Фондко айыл башчы жана айыл аксакалдары көзөмөлдүк кылат.

Даярдаган: Жаныл Жусупбекова,Адеми Зоотбекова

Радиомост, Талас