«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

14- жаштагы Бакай- Аталык Нурдатка » Керри Дейлстин күндөлүгү» деген китеп жазды.

24 Июнь 2019 жыл 15:16
Көрүүлөрдүн саны: 114

Таланты боюна батпай, 11 жашында көлөмдүү чыгарма жазган Раманов Нурдатка Нурдилеевич 2004- жылы Талас облусунун Бакай- Ата районуна караштуу Кең- Арал айылында жарык дүйнөгө келген. Нурдатка кичине кезинде эле көп китеп окуп, кийин дил баян жазуудан баштап китеп жаза баштаган. Жазуучубузга ата- энеси жардам берип, колдошкон. » Керри Дейлстин күндөлүгү» 2015- жылы май айында жазылып башталып, 14-ноябрда аягына чыккан. Жазуучу мээнетинин артынан чоң эмгек жаратканы баары үчүн бир эсе таң калыштуу болсо, бир эсе сыймык болду. Нурдатканын кыял менен жашоону жуурулуштура билген чеберчилиги да кызыктырат.

Даярдаган: Жаныл Жусупбекова, Адеми Зоотбекова

Радиомост, Талас

Мыкты макала сынагы үчүн