«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Улуу Ата-мекендик согушта негизделген Талас шаарына 75 жыл

23 Июнь 2019 жыл 13:50
Көрүүлөрдүн саны: 70

Майрамдык салтанатка арналган концерт шаардын борбордук аянтында өткөрүлдү. Ага жергиликтүү элден тышкары Жогорку Кеңештин Вице-спикери Аида Касымалиева, Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев, Талас шаарынын мэри Айдар Жусупбеков жана башка жергиликтүү бийликтин жетекчилери катышты.

Талас шаарынын борбордук аянтындагы майрамдык концертке миңден ашуун адам катышты. Биздин кабарчылар ал тургундарга кайрылып, түрдүү ой-пикирлерин угуп кайтты.

«Талас шаары 1944- жылы негизделген. Биринчиден, мен Талас шаарынын жашоочуларын ынтымакка чакырат элем. Анткени ынтымак болсо баары жакшы болот деген ойдомун. Майрамдык маанай эң жакшы, элдин баары майрамдык концертти көрүп, балдар ойноп жүрүшөт. Ал эми Кыргызстан эң кооз деген шаарга айлансын деген тилектемин ”,- деген каалоо-тилектерин Асел Токоновна айтып кетти.‘’Мен,Ороз Шаршекеев, Талас шаарынын тургундары менен сыймыктанам. Талас шаары өнүгүп жана жылдан-жылга жашылдана берсин’’,- деп өз ою менен бөлүштү.‘’Талас шаарынын 75 жылдыгына ‘’Кыялкеч’’ бий ансамбльнын атынан бийлеп жатабыз. Биз көчмөндөр жана ошондой эле испан улутунун бийин бийлейбиз. Майрамдык маанай эң сонун. Ал эми болсо Талас шаары көптөгөн кылымдарга жашасын’’, — А.Огонбаев атындагы музыкалык мектебинин бий ийриминин катышуучусу Асылай өз оюн айтып кетти.

Даярдаган: Жаңыл Жусупбекова, Адеми Зоотбекова, Малика Токтоналиева

Радиомост, Талас 

Мыкты макала сынагы үчүн