«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

“ Сен китепти ачсаң, китеп сени ачат”

24 Май 2019 жыл 12:40
Көрүүлөрдүн саны: 99

“Сен китептин ачсаң, китеп сени ачат” аттуу интеллектуалдык брен – ринг таймашы болуп өттү.

Таймаш үч айлампадан турду. Биринчи айлампадагы категориялар: Ч. Айтматов, логика, ииз калтырган инсандар. Ал эми экинчи айлампада: тап – тапайлампада Манастын жана Ч. Айтматовдун каармандары.Жана үчүнчү айлампада: Кыргызстандын жети керемети, сыр сандык, компьтер жөндө суроолор берилди. Брен – ринге Талас Мамлекеттик Университеттинин студенттери, райондук китепканачылар, окурмандар катышышты жана dvv.International коногу келишти.Иш — чаранын аталышы: “Талас облустук китепканасынын тарыхы” окуучуларга экскурсия өткөрүштү, “Балдар – жана дүйнө азыгы” фестивалы “Келечек“ куурчак театрынын программасы №1, №2, №3, №4, №5 мектептин китеп окурмандары концертти көрсөтүштү. Мамлекеттик тилге – 30 жыл “Тилиң болсо улуксуң, тилиң жок болсо дудуксуң?” жана “Манас” эпосу кыргыз тарыхынын көөнөрбөс булагы” адабий кечелери өттү.Жаш жеткинчектер менен шахмат оюну болду. Энелер күнүнө карата “Эне жүрөгү -аалам түнөгү” Ардагерлер Кеңеши , Баатыр энелер менен жолугушушту. Кол өнөрчүлүк, буклет – папка көргөзмө уюштурулду.

Даярдаган: Адеми Зоотбекова

Радиомост, Талас

Мыкты сүрөт сынагы үчүн