«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

“Аймактарда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда”

20 Май 2019 жыл 14:11
Көрүүлөрдүн саны: 62

Талас шаарындагы “Байбол” ресторанында “Аймактарда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгү” аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү.

Иш чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгынын алкагында өттү. Аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү биргелешип уюштурушту. Тегерек столдун жүрүшүндө, калкты жана ишкер субъектилерди сапаттуу, жеткиликтүү банктык жана финансылык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу жаатында көрүлүп жаткан жалпы банк секторундагы иш-аракеттер тууралуу маалымдалды. Кыргыз Республикалык Улуттук банкынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Талас шаарынын мэри, райондордун акимдери, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү, “Гарантиялык фонд” ААктын, “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАК, коммерциялык банктардын, микрофинансылык уюмдардын жана жергиликтүү бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.

 

Даярдаган: Адеми Зоотбекова, Жаңыл Жусупбекова

Радиомост, Талас

Мыкты макала сынагы үчүн