8 — май Бүткүл дүйнөлүк Кызыл Чырым жана Кызыл Ай коомунун күнү Талас шаарындагы борбордук базарда кызуу өттү.
Бул иш-чарада ыктыярчылар даярдаган концерттик программаны көрсөтүштү.
Программада ВИЧ, кайтарымсыз кан тапшыруу, кургак учук ооруларынын келип чыгуусу, себептери арылуунун жолдору сахналаштырылган менен көргөзүлдү.
Чирмиле бийлеген ыктыярчы кыздар, комузда кол ойноткон ыктыярчылар иш-чаранын көркүн ачты. Талас шаарынын тургундары менен суроо – жооп (викторина) болуп, туура деген жооптун ээлерине белектер берилди. Алгачкы медицинага чейинки биринчи жардамы боюнча мастер – класс көргөзүлдү. Жыйынтыгында ар бир көөрүчүгө каалоо тилектер жазылган таттуулар тарткатылды.
Подготовила: Адеми Зоотбекова
Радиомост, Талас
«Мыкты макала сынагы үчүн»