«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Талас шаарында “Beeline” компаниясы интернеттеги вирустардан коргонуу үчүн тренинг өткөрүлдү.

13 Апрель 2019 жыл 11:41
Көрүүлөрдүн саны: 22

Талас шаарында “Beeline” компаниясы  жана “AIESEC” тобу менен биригип жаштар арасында билим берүү проекттердин негизинде санарип кылымына калыптанууга өнөктөш болот

“Мен Алаш Кудайбергенов “AIESEC” жаштар организациясын ыктыяры жана спикери болуп келдим. Бул долбоор “Beeline” компаниясынын президенттик тарабтан санариптик түрү жылы деп аталган. Ошого карата Вeeline компаниясы региондорду санариптештирүү санарип сабаттунун жылын жойуу боюнча проект көргөзгөн. “AIESEC” командасы проектти утуп алып ишке ашырып жатат. Алдыга койгон максаты бул Кыргыз Республикасынын региондорун дагы жаштар арасында санариптик сабаттыксызды жолун жойуу жана Кыргызстанды санариптешке дүйнөдөгү эң алдыңкы интернет жана жаңы технология менен колдонгон мамлекеттер катарына кошуу”,-деп бөлүштү.

“Менин аты жөнүм Айдана Улан кызы, №1-мектепте окуйм. Мага өтүлгөн тренинг аябай жакты. Анткени пайдалуу кеңештерди айтып беришти. Мен өзумдүн окууга тапшыра турган жериме байланыштуу көп кеңештерди ала алдым жана “AIESEC” командасынын өзүмдүн болгон суроолорумду берип, толук жана туура жоопторду алдым. Мен абдан ыраазымын”,- деп айтты.

Ал эми №1-мектептин 11-класстын окуучусу Канат Дөөлөтбеков өз оюн  айта кетти:“АIESEC“командасынын жана Вeeline проекттерди боюнча көп кеңештерди, суроолорго жооп ала алдым. Бул тренинг аябай кызыктуу жана бийик дэңгеелде өттү. Тренингде көп окуучулар өздөрүнө керек маалыматтарды ала алышты. Бул проект кийинки окуку жайыма керек экенине билдим жана биз тест тапшырдык. Тестти тапшыргандан кийин, кайсы окуу жайга жана ким эмнеге шыктуу экенин биле алдык”,-деп билдирди.

Даярдаган: Сезим Эшенкулова, Жаңыл Жусупбекова, Адеми Зоотбекова

Радиомост, Талас

Мыкты макала сынагы үчүн