«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

“Теремок” бала бакчасында өрт кырсыктарын алдын алууда иш-чара өткөрүлдү.

10 Апрель 2019 жыл 14:37
Көрүүлөрдүн саны: 28

9-апрель 2019-жылы Талас шаарындагы “Теремок” бала бакчасында өрт кырсыктарын алдын алууда иш-чара өткөрүлдү

“Мен, Айнура  Орумбаева , ‘’Теремок ’’ балдар бакчасынын мүдүрү болуп эмгектенем. Бизге бул  иш-чарага боюнча Талас шаардык билим берүү бөлүмүнөн атайын буйрук келген жумушчуларды өрт коопсуздукка үйрөтүү, текшерүү боюнча, биз өрт коопсуздугуна кайрылып кат  менен кайрылганбыз. Ошонун негизинде өрт коопсуздугунан кызматкерлер окутуу жана колдону эрежелерин үйрөттү”,-деп айтты.

“Бул иш-чара Талас шаары жана Талас району боюнча өзгөчө кырдаарлар бөлүмү жана Талас шаардык билим берүү бөлүмү менен биргеликте мектепке чейинки бала бакчалардын кызматкерлерди өзгөчө кырдаарлар катталган учурда өрт кырсыктарын алдын алуу боюнча  окуу өткөрүлдү. Балдарды кантип сыртка кырсыксыз  алып чыгып кетүү, тарбиячылар алгачкы чыккан өрттөрду өчүрү жөнүндө маалымат берилди. Бүгүнкү “Теремок” бала бакчасынын абалы боюнча айтып кетсек, өрт өчүрүү каражаттарынын баары жарактан чыккан жана өрт өчүрүү иштер толук эместиги аныкталган. Балдарга  жана тарбиячыларга видеоролик көрсөтүлдү, плакаттар менен түшүндүрүү иштер жүргүзүлду”,- деп айтып кетти Мишель Челетиров,Талас шаарынын өзгөчө кырдаарлар бөлүмүнүн жана анын алдын алуу бөлүкчөсүнүн башчысы.

“Мен “Теремок” балдар бакчасынын жогорку мектепке даярдоо тайпасынын тарбиячысы болом.Бүгүнкү биздин бала бакчада болуп жаткан иш-чаранын максаты бул алгачкы  өрт  чыккандагы кандай жана эмне иш аракеттерди кылууну бизге көрсөтүштү”,- деп Мирзада Оросова айтты.

 

Даярдаган: Адеми Зоотбекова,  Жаңыл Жусупбекова

Радиомост, Талас

Мыкты макала сынагы үчүн