«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

«Мыкты китепканачы»-сынагы өттү.

29 Март 2019 жыл 14:48
Көрүүлөрдүн саны: 138

Талас шаарында китепканачылар арасында «Мыкты китепканачы»-сынагы өттү

28-мартта Аман Токтогулов атындагы китепканада Талас облусунун төрт районунун жана Аман Токтогулов атындагы Талас облустук китепканасынын китепканачыларынын жана усулчуларыны арасында 4 бөлүмдөн турган сынак өткөрүлдү. Биринчиси-кыскача өздөру жазап жаткан иштер жөнүндө маалымат берип кетүү. Экинчиси-мүнөздөмө берүү. Үчүнчүсү-слайддарын көрсөтүү. Ал эми төртүнчүсү-калыстар тарабынан берилген суроолорго жооп берүү.

Ошоло эле китепкананын директору сынак тууралуу маалымат берип кетти:

“Мен Телегей Жаркыналиева-Аман Токтогулов атындагы китепкананын мүдүрү болуп эмгектенем.Көк-Кашат айылындагы № 15-китепкана бөлүмүнөн келдим. Бул сынак катышуучулар өздөрүн Быйыл Маданият, Маалымат жана Туризм Министрлигинин буйругунун, ошондой эле коомдук китепканалардын ассоциациясынын жобосунун негизинде “Жылдын мыкты усулчусу”, “Жылдын мыкты жаш китепканачысы», “Жылдын мыкты айыл окмоту”- деген сынак өткөрүлдү. Бул сынактын жыйынтыгы менен 15-майда он биринчи китепканачылардын форуму Бишкек шаарында болот. Форумда  биздин тандалган мыкты китепканачыларыбыз  республикалык денгээлде ушул номинацияларга ээ болот. Бул сынакты баштоого Алыкул Осмонов  атындагы улуттук китепкана демилге которгон ”,- деп билдирип кетти.

Калыстар тобуну мүчөсү Нурайым Курманбековнанын айтымында:

“Мен сынаш үчүн, жөндөмдүүлүгүн, билим денгээлин которуу жана тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлүп жатат”,-деди ал.

Бакай-Ата райондук борбордоштурулган китепканасынын мүдүрү өз пикирин айтты:

“Мен, Тоту Сапаралиева, сынакка өзүмдүн кызматкеримди алып келдим. Аты-Рахат Стамбаева, китепканачы болуп эмгектенет. Бул сынак акыркы жолу 1997- жылы болгон жана мен ага катышып 1-оорунду ээлегем. Ошондой эле менин кызматкериме чон таасир тийгизип, көп изденип, женүүгө аракеттенип жатат”,- деп айтты.

Натыйжада калыстар тобу катышуучуларга баа берип, сынактын женүүчүсү кийинки жумада жарыяланат.

 

Даярдаган: Амина Муратбекова, Адеми Зоотбекова, Жаныл Жусупбекова

Радиомост, Талас