«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Медициналык колледжинде Ноорузга карата иш-чара өтүлүүдө.

21 Март 2019 жыл 17:50
Көрүүлөрдүн саны: 27

Талас шаарындагы медициналык колледжинин студенттери эртеңки Нооруз майрамына карата даярдык өткөрүштү

Талас медициналык колледжинин мүдүрү Гулзат Абировнанын айтымында:

«Бул өтүп жаткан маареке Нооруз майрамын баарыбыз эле билебиз, күн менен түн теңелип жер жарылып чөп чыгып дегендей эле, жан-жаныбарлардын ойгонушу. Бул майрамды нечен кылымдардан бери эле майрамдалып келет. Мунун негизги максаты ушул өзүбүздүн улуттук майрамдардын  бири болгондуктан студенттер, арасында дагы ушул кечени жылда майрамдап келебиз”,-деди ал.

Бизге Медициналык коллежддин студенттери Кайрат Олжобаев жана Сыймык Рысбеков өз ойлору менен бөлүшүштү:

«Нооруз майрамы ийгиликтуу өттү. Биздин Медициналык колледждин көптөгөн группалары катышты жана ошондой эле бул эже-агайлар катышышты. Ал эми сүмөлөктү кечээтен баштап даярдашты жана биздин фарматцевт бөлүмүнүн студент балдары  жардам беришти жана ошондой эле 1-курстун студент кыздары кыргыз улуттук кийимдерди кийип, кыз узатуу мааракесин, улуттук оюндарын жана көптөгөн кыргыздын чыгармаларын аткарышты”,-деп белгилеп кетишишти.

 

Даярдаган: Айдана Эрнис кызы, Сезим Эшенкулова

Радиомост, Талас