«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Таласта тренинг болуп өттү

18 Март 2019 жыл 13:26
Көрүүлөрдүн саны: 47

Талас шаарында 16-март күнү «Гендердик теңчиликти жамааттык ЖМКлар аркылуу жайылтуу» деген темада  тренинг болду.

Тренинг 16-март куну Таласта өттү. Жана жалпысынан 10 айым катышты. Тренери Аимбубу Асанбекованын айтуусунда:

«Бул тренинг «Гендердик теңчиликти жамааттык ЖМКлар аркылуу жайылтуу» долбоордун алкагында каржыланды. Тренингдын негизги максаты эркек менен аялдын ортосундагы берилген мүнөздөмөнү аныктоо, аялдардын жана эркектердин укуктарын кагазга жазуу, шаардык жана айылдык мугалимдердин түйшүктөрүн салыштыруу, гендердик сезимталдын  келип чыгуу себептерин кагазга түшүрүп жана өз ойлорун биздин түшүндүрмөбүз боюнча жыйынтыктоо болчу. Катышуучулардын арасынан эң активдуу 3 аял таңдалды. Алар кийинки аталган долбоорго катышууга мүмкүнчүлүк алышты»,-деп билдирди Аимбубу Асанбекова.

Катышуучулардын айтымында:

«Бул тренингте өтө актуалдуу, эң керектүү жана пайдалуу темалар көтөрүлдү.Себеби, азыркы учурда муундар аралыгындагы алыстыкты жакындатуу, алардын арасындагы байланышты бекемдөө жана мажбурлоодон пайда болгон никеге, эрте турмуш курууга жана гендердик зомбулукка болгон жааматтын мамилесин, нормаларын жана аракетин өзгөртүү жөнүндө өтүлдү»,-деп билдиришти Сажира Ызаналиева, Гулжамал Алымкулова .

 Даярдаган: Саадат Нуржанова

Радиомост, Талас