«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Нооруз майрамына карата иш-чара болду.

18 Март 2019 жыл 13:59
Көрүүлөрдүн саны: 51

Бүгүн 18-март  күнү Талас шаарындагы  Аман Токтогулов атындагы китепканада сүмөлөк бышырылды.

Иш-чарага №90 кесиптик лицейдин студенттери жана ардагерлер келип катышышты. Бул ишчарада ар кандай кыргыздын улуттук оюндары уюштурулду. Бизге кенерирээк маалыматты Аман Токтогулов атындагы китепкананын усулдук бөлүмүнун башчысы  Гүлсада Тайлакованын айтып берсе:

“Бүгүнкү иш-чаранын уюштурулган  себеби, жалпы эле мусулмандардын келе жаткан Нооруз майрамы келе жатат. Биз ушул  майрамга карата иш-чараны бүгүнкү күнгө уюштурдук. Иш-чара менен биз жаштарга сүмөлөктү кайнатканды, кыргыздын улуттук оюндарын, үрп-адаттарын жана улуттук кийимдерин көрсөтү болду. Төмөндө аталган иш-чарада Рая деген эжебиз бар, ал эженин небересинин тушоосу кесилди. Алдыга койгон максаттарыбыз, азыркы убакта жаштар кыргыздын каада салттарын, сүмөлөктү унутуп бара жатышат. Биздин максат жаштарга көбүрөөк маалымат берүү”,-деп айтты.

 

Ал эми иш-чаранын катышуучусу Айдай Анарбекова өз оюн айта кетти:

“Бүгүнкү иш-чара абдан кызыктуу өтүп жатат, мага абдан жакты. өзүмө көп пайдалуу нерселерди ала алдым. Баарынан дагы мага сүмөлөк жакты, биринчи жолу даамын татып көрдүм жана сүмөлөктү бышырган дагы абдан кызыктуу экен”,-деп билдирди.

Даярдаган: Айнуру Керимбаева, Сезим Эшенкулова

Радиомост, Талас