«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

“Кыздар-апалар” аттуу сынак болуп өттү.

15 Март 2019 жыл 13:46
Көрүүлөрдүн саны: 105

Талас шаарындагы А. Чолпонкулов атындагы №1 орто мектебинде “Кыздар-апалар” аттуу сынак болуп өттү

2019-жылдын 10-март айынан 30-мартка чейин Кыргызстандын Баткен, Ош, Талас, Ысык-Көл областтарынын 16 айылдарында “Кыздар-апалар” аттуу сынактар жүрүүдө.  Ал эми бизге Муундар аралаш проектисинин Талас облусунун кординаторы  Марина Эдегээва кененирээк айтып берсе:

“Конкурсттун негизги мксаттары: жаш кыздарды мажбурлап турмушка берүүнүн алдын алуу максатында эне менен баланын ортосундагы коммуникацияны жакшыртуу. Кыздар оюн түрүндө ала качуу дуушар болбоо үчүн өзүн кантип алып турууга, алэми кызды ала качып кетсе, ал эмне кылуу керектигин үйрөнөт. Арбир катышуучу апасы менен 14-17 жаштагы кыздар турган 3 команда түзүлөт. Сынакка чыгармачылыкты жакшы көргөн, таланттуу, өздөрүнө ишенген, коомчулукка жакшы өзгөрүүлөрдү киргизүүгө даяр болгон адамдар тандалышат.  Долбоордун демөөрчүсү Европа Биримдиги. Алдыга койгон максатыбыз мындан арыкыздарды ала качуу жана эрте никеге туруу көрүнүштөрдү токтотуу”,- деп айтты.

Ал эми катышуучу Уултай Субанкулованын билдирүүу боюнча:

“Бүгүнкү сынак өтө маанилүү, көйгөйлүү, терең  мааниси чоң суроолор болду. Себеп дегенде бул жерде ата-эне менен баланын мамиле, коомдук чөйрөдөгү мамиле болуп жатат. Бул абдан эле маанилүү деп эсептейм. Мисалга алсам, кылмыш жаза кодексине жараша азыркы жаш муун жашы жетелек  үй-бүлө куруу боюнча ушл темада чоң талкуулар жүрдү. Негизи сынак абдан кызыктуу болду”,-деп билдирди.

Жана ошондой эле Уултай Субанкулованын кызы Азема Керимбаева да өз оюн айтты:

“Мага сынак абдан жакты. Себеби, кызыктуу өтүштү, абдан маанилүү темаларда талкуулор болду.  Азыркы убактарда кыз ала качуу көп жүрүп жатат, ошондой учур болуп калса, эмне кылыш керек? Кантип ата-энеңдерге айтсаң болот? Ошол тууралуу бизге кенерирээк айтып беришти. Мен ойлойм мындан ары кыз ала качуулар болбойт деп, себеби бул кылмышболуп эсептелинет”,-деп өз ою менен бөлүштү.

Cынакта катышуучуларга ар кандай оюндар уюштурулду.

Даярдаган: Айнуру Керимбаева

Радиомост, Талас