«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Сүйүү күнүнө арналган акция.

16 Февраль 2019 жыл 11:51
Көрүүлөрдүн саны: 88

14-февраль күнү “Кырк-Чоро” кинотеатрынын кире бериш кеңсесинде сүйүү күнүнө арналган акция болуп өттү

Акция “Кулпунай” кондитердик үй тарабынан уюштурулду. Ал жака Талас элинин тургундары келип, акысыз кондитер үйүнүн таттуу тортторунун даамын татып кетишти. Жана дагы тургундарга ар кандай оюн уюштурулду.

“Кулпунай” кондитердик үйүнүн кожойкеси Асел Куттубаеванын айтымында:

“Биз буга чейин эң биринчи ачылганда чакан презентация өткөрүп, акция жүргүзгөнбүз. 14-февраль күнү эл менен таанышайлы деп, дагы бир презентация өткөрдүк. Акциянын максаты элге кененирээк өзүбүздү жайылтуу. Жана кичинекей майрам болсо дагы,Талас тургундарына майрамдык маанайды тартуулоо. Биз абдан Талас элине жана конокторго ыраазы болдук, себеби акция кечинде өткөнүнө жана эшикте кар жааганына карабастан көп адам келип катышышты,”- деп билдирди.

Бул акцияга келген Талас тургундары жакшы маанайда майрамдап, ыраазычылыгын билдирип жатышты.

Талас тургуну Гүлшан Муханбетованын айтуусунда:

“Бул акция жөнүндө инстаграм баракчасынан көрүп келгем. Жана акция өз койгон максаттарына жетип, ошондой эле жогорку деңгээлде өттү деп ойлойм. Торттордун түрлөрү абдан көп болду, баардыгынан даам татып көрдүм. Алар абдан даамдуу, кооз жана ар бир торт өзгөчө фантазия менен жасалыптыр. Бирок мага жаккан “Олжобай менен Кишимжан” жана “Сахара” деген тортторду таңдап, сатып алдым”,- деди Гүлшан Муханбетова.

“Мен бул акция жөнүндө “Радиомост” үналгысынан угуп келгем. Торттордун даамы таттуу, бизге аябай жакты. Биз “Коко” деген тортту сатып алдык. Акция эң жакшы маанайда өттү”,-шаар тургуну Мээрим Сагынбаеванын айтымында.

Даярдаган: Саадат Нуржанова

                    Сезим Эшанкулова

Радиомост, Талас