«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Федералдык таэквандо “ITF”

15 Февраль 2019 жыл 14:01
Көрүүлөрдүн саны: 128

Талас шаарында таэквандо биринчи жолу ачылды. Бул спорттун түрүнө бир гана балдар барбастан, кыздар дагы барышат

“Алихан” спорт залынын таэквандо боюнча машыктыруучусу Урмат Мамыровдун айтымында:

“Ачылганыбыздын максаты Талас шаарынын жаш спортчуларды республикалык жана  областык деңгээлине чыгарсак деген тилектерибиз бар. бул жакка бир гана балдар келбестен, кыздар дагы келип жатышат. Декабрь айында ачылганыбызга 15 кун болгондо Бишкек шаарында мелдеш болуп өтту, ал жакка Талас облусунан 4 бала чыкты. Алардын ичинен 3 балабыз учунчу орунга, ал эми  бир кызыбыз экинчи орунга ээ болду. Буйруса алдыдагы мелдештерде жакшы эле жетишкендиктерге жетебиз деген үмүттөбүз. Ал эми алдыга койгон максатыбыз биздин жаштарыбыз бангизат, тамеки  жана башка ден-соолукка зыяндуу нерселерден алыстатуу жана сергек жашоого чакыруу”,-деп айтты.

Ал эми аз убакытка карабастан ийгиликтерди көрсөтүп жаткан Жылдыз Качкынбекованын айтымында:

“Менин агаларым таэквандого катышат,  аларды көрүп мен дагы кызыгып катышып жатам. Ал эми азыркы убакта менин ийгиликтерим жок, ийгиликтер али алдыда”,-деп белгилеп кетти.

Жылдыз Качкынбекованын атасы Бакытбек Мамыровдун айтымында:

“Менин кызым өзү кичинесинен эле катышам деп жүрчү. Катышканы мени, албетте,  канаттандырат  анткени мен ойлойм спортко катышса өзүнө эле жакшы деп”,-деди ал.

Ал эми 13 жаштагы Адил Качкынбеков жаш спортчунун айтымында:

“Менин жетишкен ийгиликтерим Кыргыз Республикасынын 5 жолку чемпиону жана эл аралык  мелдештердин 3 жолку чемпиону болгом, эң акыркы кубок надеждыны алгандан кийин мен “Кондидант мастера спорта” алдым. Бул спорттун түрүнө мага апам түрткү болду, мени кичинемде таэквандого апам алып барып журчу, ошодон кийин өзүмдүн кызыгуум пайда болуп катыша баштадым”,-деп белгилеп кетти.

Даярдаган: Сезим Эшенкулова

Радиомост, Талас