«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Кош бойлуу аялдарга акысыз берилүүчү ММК Полиси.

1 Февраль 2019 жыл 13:12
Көрүүлөрдүн саны: 33

Кыргыз Республиканын өкмөттүнө караштуу медициналык камсыздануу фондунун кош бойлуу аялдарга акысыз берүү ММК Полиси берилет

Кыргыз Республиканын өкмөттүнө караштуу медициналык камсыздануу фондунун Талас аймактык башкармалыгынын жетекчи адиси Эльмира Сулайманкулованын билдирүүсү боюнча:

“Бизде көбунчө кош бойлуу аялдардын каны аз болот. Ошондуктан төрөгөндөн кийин ымыркайдын дагы каны аз болуп калышы мүмкүн. Ошол учун фонддо ММК Полиси чыгарылат. Ал кош бойлуу аялдарга бекер берилет. Кош бойлуу аял аны алгандан кийин дарыканаларга барып, дарыларды жеңилдетүү менен алыша алат. Кепилденген 200дөй дары-дармек каражаттарынын тизмеси “ММКнын Кошумча программасы жана Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча орду толтурулуучу дары-дармек каражаттарынын маалыматнаамасында” келтирилген, бул маалыматнаама врачта, дарыканада жана ММК фондунун сайтында бар. Маалыматнаамада башка дары-дармек менен катары төмөнкү каражаттары бар: фолий кычкылы, кош бойлуулуктун биринчи уч айлыгында кабыл алуу зарыл болгон, курамында йоду бар препараттар, ошондой эле кош бойлуу аялдардын аз кандуулугунун алдын алуу үчүн темир препараттары. Кош бойлуу аялдын кан аздуулугуна профилактика жүргүзүүгө үй-бүлөлүк дарыгерлер дары жазып беришет. Андан тышкары Полис аркылуу башка дарыларды дагы сатып алышса болот жана кийин төрөгөндөн кийин кош бойлуктан сактаныш учун дарылар бар. Ал эми кан аз болгон жөнүндө айта кетсем, жакшы дарылаш керек. Себеби, кан аз аялдарга бул доо кетирет да жана аябай коркунучтуу болуп кетет. Мисалга айтсам, төрөт учурунда кан кетиши мумкун, андан тышкары эненин курсагын дагы баланын өсүшү начарлайт. Андан тышкары толгоо учурунда толгосу туура эмес жүрүшү мүмкүн, төрөттөн кийин кан агышы мумкун”,-деп айтты.

Даярдаган: Айнуру Керимбаева

Радиомост, Талас