«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Ардагер кеңешинин мүчөлөрү жаңы долбоор ишке ашырууда.

26 Январь 2019 жыл 14:17
Көрүүлөрдүн саны: 17

Талас шаарындагы ардагер кеңешинин мүчөлөрү жаңы долбоор ишке ашырууда. “Кыргызстанда муундар аралык жана гендердик чектер алкагында коомчулуктарды гендердик зомбулукка каршы күрөшүү”  долбоор ишке ашырылып жатат

Бириккен улуттар уюмду аялдар тузуму тарабынан жана «ХелпЭйдж Интернейшнл» фондусу тарабынан (кары адамдар менен иштешкен) эл аралык уюм. Талас шаардык ардагерлер кеңешинин катычысы Айыма Асанбекова кененирээк айтып берди:

“Биз ушул долбоор алкагында топту түзгөнбүз. Биздин топтун мүчөлөрүнө Талас шаарынын ардагер кеңешинин мүчөлөрү киришти жана Талас шаарынын активдүү жаштары мүчө болушуп, чогу иш чараларды жүргүзуп жатабыз. Алардын ичинде: Мектептердеги чоң класс окуучулары эрте никеге туруунун, ала качуунун терс көрүнүштөрү боюнча маалымат жеткирип турабыз. Тактап айтканда №4 жана №5 орто мектептеринин окуучуларына биздин топтун жаштары жолугушууларды өткөрүштү. Ноябрь жана декабрь айларында “Супер кайната” мелдешин уюштурдук. Сынакка ардагерлер активдүү катышышты. Бул сынактын негизги максаты жаштарга, жалпы эле жашоочуларга, туура багыт берип, эрте никеге туруу, кыз ала качуу, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту жоюу болот”,-деди Айыма Асанбекова.

Ал эми “Супер кайната” мелдешинин  катышуучусу Алымбек Мырзабековдун  айтымында:

“Бизде азыркы убакта кыз ала качуу боюнча көптөгөн көйгөйлөр болуп жатат. Кыз ала качуу- эски коомдон калган жаман көрүнүш деп эсептеймин. Үй-бүлө курууда баарыбызга белгилүү болгондой эле эки жаштын бир тараптан макул болуш керек. Ошол үй-бүлөлүк маселеси боюнча деле биздин улуу жазуучубуз Ч. Айтматов агабыз  деле өз чыгармаларында көп кайрылган. Мисалы: “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Бетме-бет” ушул үй-бүло темасына байланыштуу жана мааниге ээ болобу ал озүнчө бир чоң маселе да.  Азыркы жаштардын үй-бүлө куруу максатында салт деп таянышып, кыздарды ала качып кетип жатышат. Кыз ала качууну тоткотуу боюнча азыркы учурда иштер дагы жүрүп жатат. “Кыз ала качуу” жана “Супер кайната” темасын жакшы тандашкан, себеби кыз ала качууну жаштарга туура түшүндүрүп аракет жазадык, биз ойлойбуз алар туура түшүнүштү”,-деп билдирди.

Гендердик маселелер боюнча  машыктыруучу жана Талас шаарындагы  “Маана” кризистик борборунун психологу Зарина Турукманова өз оюн билдирди:

“Кыргызстан да башка өлкөлөргө караганда кыздарга карата кандай түрлөрү бар, булар албетте: ала качуу жана эрте никеге туруу. Ала качууда кыздардын макулдугу жок зордук-зомбулук кабылышат, ала качып кетишип. Зордук-зомбулуктан башталган үй-бүлөлөр бар, ошолүй-бүлөлөр аягында эмне болушат-бул албетте алар ажырашып кетишет. Ал эми эрте никеге туруу маселеси болуп турат. Жашы жете элек кыздар төрөп коюп жатышат. Өтүп кеткен жылы Талас облусунда  6 окуя болду. Негизинен эрте никеге туруу-бул  кылмыш болуп саналат. анткени, үй-бүлө куруу 18 жаштан кийин куруу мүмкүнчүлүк бар, 18 жашка чейин бул кылмыш болуп эсептелинет”,-деп айтты.

Даярдаган: Айнуру Керимбаева

Радиомост, Талас