«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

“Тогуз коргоол” оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү.

25 Январь 2019 жыл 12:36
Көрүүлөрдүн саны: 59

Талас районундагы Кырк-Казык айылында мелдеш болуп өттү

Талас районундагы Кырк-Казык айылында тогуз коргоол оюну боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдештин уюштуруучусу Талас шаардык балдар өспурүмдөр спорт мектебинин тогуз коргоол  боюнча машыктыруучусу жана ошондой эле Талас облустык тогуз коргоол федерациясынын президенти Керимбек Өмүралиевтин айтымында:

“Мелдешке жалпысынан 100 гө жакын спортсмендер катышышты. 10 жаштан баштап 18 жашка чейинки окуучулар катышышты. Мелдешке Талас шаарынын 2 районунан келип катышышып жатышат. Алдыга койгон максаттарыбыз абдан чоң. Алардын бирин айта кетсем жакын арада мектептер арасында спартакиаданы жакшы дээңгелде өткөргөнгө даярданып жатабыз”,-деди.

“Мен тогуз коргоол ойногонума 4 жыл болду. Бүгүн мелдеш жакшы өтүп жатат. Мен тилекке каршы орун ала албай калдым, бирок кийинки мелдеште биринчиликти алам деп максатым бар”,-деп билдирди Диана Нурланова.

“Тогуз коргоол ойноп жатканыма көп жыл болуп калды. Мен бүгүнкү мелдеште биринчиликти алдым. Абдан сүйүнүп жатам”,-деп айтты Жазайым Молдокулова.

Даярдаган: Айнуру Керимбаева

Радиомост, Талас