«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Апрель революциясына 9-жыл.

18 Январь 2019 жыл 13:52
Көрүүлөрдүн саны: 36

7-апрель революциясына быйыл 9 жыл болот. Талас облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйын залында чогулуш болуп өттү

7-апрель революциясы быйыл 9 жылга толот. Таласта баш аягы 8 коомдук уюмдар апрель революциясына байланыштуу  иш алып барып жүрөт. Бирок толук коомдуу иш жүрбөй, миссиялары ишке ашпай, ич ара нааразычылыктар болуп, максаттарына жетпей келет. Ошондуктан Талас облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү  ушул 8 уюмдун башын бириктирип, чогу иштейли, көздөгөн максатыбызга жетейли, биз колдойлу,-деген сунуш киргизилди.Бул сунушту колдогон төмөнкү уюмдар өз пикирин айта кетишти:

“Жаңыдан бирикме болуп уюшулган “Баатырларга таазим” коомунун төрөайымы Кишимжан Таштакеева уюму тууралуу көзү өткөн балдарга “Эл баатыры” наамын алуу макамына аракет кыла баштаганбыз жана ошондой эле мен баласын жоготкон эне катары айтарым бул,-ушунча жылдан бери окко учкан балдарга алиге сот чечими чыга элек, тийиштүү макам бериле элек, мен ушуну ишке ашыруу үчүн болгон мумкүнчүлүгүмдү жумшайм”,-деди ал.

“Акыйкат” коомдук уюмунун жетекчиси Умар Анарбековдун айтымында:

“Мындан ары да эл ичиндеги бузулган укуктарга көз салып, элдин тынчтыгын коргоого салым кошобуз”,-деп айтты.

Ал эми “Айкөл Ала-Тоо” коомдук уюмунун жетекчиси Күмүшбек Бекмуратов өз оюн билдирди:

“Эл арасында апрель революциясынын ролун көтөрүп, бийликке кол кабыш кылып жүрүшкөн 64 мүчөсү бар экенин алар менен эл арасында кадыр бакттуу экенин белгиледи”,-деди.

Негизинен бул жерде катышкан уюмдардын баардык мучөлөрү Талас облустук ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевге ыраазычылыгын айтышты, мындан ары да биз менен бирге иш алып барууну макулдашты.

Даярдаган: Арсыкан Момунтаева, Айнуру Керимбаева

Радиомост, Талас