«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Талас районундагы Кара-Суу айылында жаңы спорт зал ачылды.

16 Январь 2019 жыл 12:28
Көрүүлөрдүн саны: 74

Талас районундагы Кара-Суу айылында мурдагы мечиттин имаратында жаңы спорт зал ачылып, жаш өспүрүмдөр катышып башташты

Төмөндө айтып кеткен спорт залдын мүдүрү Канатбек Асанкул уулунун айтымында:

“Ачылган максаты биздин айылда спорт зал жок. Жаш балдар кыштын кечки убагында эшикте жүргөнчө, спорт залга келишип машыгышса өздөрүнө да жакшы болот. Биздин айылдагы балдардан жакшы чемпиондор чыгышса деген максатта ачкам. Спорт залдын ачылганына 5 айдан ашты.  Азырынча демөөрчүлөр жок, баарын өзүм кылып жатам. 2-класстан баштап 11- класска чейинки балдар катышып жатышат”,- деп айтты.

Спортко кызыгышып, машыгып жатышкан Кайрат Керимбаев жана Нурсултан Кадырбеков өз ойлорун билдиришти:

“Менин келип катышып жатканыма 3 ай болду. Мен өзүмдүн каалом менен келгем, озүм спортко абдан кызыгам. Алдыда буйруса чоң ийгиликтерди жаратам деген ишеништемин”,-деп айтты Нурсултан Кадырбеков.

“Мен бул спорт залга келип жатканыма 4 ай болду. Мен бул спорт зал ачылганча Талас шаарына барып машыкчымын, эми бул жактан эле машыгып жатам”,-деди Кайрат Керимбаев.

Эскерте кетсек: Спорт залдын ачылышы боюнча машыктыруучу Канатбек Асанкул уулу демилге көтөргөн.

Даярдаган: Айнуру Керимбаева

Радиомост, Талас