«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Талас шаарында форум болуп өттү

12 Январь 2019 жыл 11:00
Көрүүлөрдүн саны: 88

Таласта, 2019-жылдын 10-январында ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында форум болуп өттү

2019-жылдын 10-январында  “Аялдар, тынчтык, коопсуздук коомдук угуу” деген темада ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында форум болуп өттү. Ал форумга Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова жана юрист-эксперт Курманбек Турдалиев, Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Марат Мураталиев, Канимет Осмонбеков, Азият Жаркыналиева, айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү, өкмөттүк эмес уюмдарынын өкүлдөрү жана коомчулук катышышты.

Анын айтымында:

«Форумдун негизги максаты  Жогорку Кеңештин  чечимине айымдарды катыштырууга активдештирүү жана бириктирүү болуп саналат. Кыргызтанда ушундай жыйналыштарды өткөзүп жатабыз»-деп билдирди Курманбек Турдалиев.

 

Мындан тышкары Талас облусунун райондорунан шайлоочулар жана дыйкандар  келишип өз көйгөйлөрүн Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана Жогорку Кеңештин депутаты менен бөлүшүштү, суроолорду берип, жооп алышты.

Жогорку Кеңешинин депутаты Гулкан Молдобекованын айтымында:

«Биз 2 күндөн бери шайлоочулар менен жолугуп жатабыз. Алардын көтөргөн эң көйгөйлүү маселелери мектептер, ооруканалар болуп жатты. Биз бул маселелерди билип, 2-3 жолу Талас облусуна келип жатабыз. Мындай көйгөйлөрдү өкмөт менен чечкенге аракет кылабыз. Депутат кийинки сапарында тийешелүү комиссия жогору айтылган көйгөйлөрдү жеринде чечүүгө убада берем»-деп айта кетти Гулкан Молдобекова.

Роза Жээналиева

Катышуучу Роза Жээналиева форум жөнүндө өз ою менен бөлүштү:»Бул «Аялдар, тынчтык, коопсуздук коомдук угуу» атту форум  туура эле өткөрүлүп жатат. Себеби, бул дагы өтө маанилүү жана көйгөйлүү маселелердин бири. Бугүн аябай кызыктуу маек болуп өттү жана биз берген суроолорго толук жооп алдык»,- деп билдирди.

Даярдаган: Саадат Нуржанова, Амина Муратбекова, Айнуру Керимбаева

Радиомост, Талас