«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

«Сулуулар сынагы-2019»

29 Декабрь 2018 жыл 18:20
Көрүүлөрдүн саны: 36

Кечээ 28-декабрында Талас шаарындагы А.Огомбаев атындагы музыкалык мектебинде «Талас сулуусу-2019» сынагы өттү.

2018-жылдын 28-декабрында сулуулар сынагы болду. Сынакка Талас шаары боюнча жалпы 20 кыз катышып, тандоо турунан өтүшкөн. Ал эми  калыстар тобу 5 адамдан түзүлдү. Сынактын негизги максаты бул өздөрүн туура алып жүрүү, өз талантын көрсөтүү. Конкурс саламдашуудан, өз өнөрлөрүн (бий ,ырдоо,тамак аш жасоо, сүрөт тартуу, көркөм ыр айтуу) өткөрүлдү. Бул сынакка 14 жаштан 28 жашка чейинки кыздар  катышышты. Натыйжада 14 жаштагы Жанетта Нарынбаева өзүнүн активдүүлүгү менен жеңип алды.  Сынактын жеңүүчүсү эми облустук деңгелде боло турган сынакка катышат. Андан кийин дүйнөлүк сулуулар сынагына катышууга мүмкүнчүлүк бар экендиги тууралу калыстар тобунан айтылды. Ушул тууралу кеченин уюштуруучусу өз оюн айтып кетти:

«Бул жылы сынак абдан жакшы өттү калыстар тобунун калыстыгы менен чечилди. Жана ошондой эле калыстар тобуна, Калипа Чалова,Талас шаардык бөлүмүнүн үн режиссеру Сыргабек Молдобеков  өздөрүнүн чоң жардамын көрсөтүп кетишти»,-деди Элиза Казакбаева.

Кубанычбекова Мээрим бул сынактын катышуучусу биз менен дагы оюн бөлүшүп кетти:

«Сулуулар сынагы-2019» өтө бийик деңгелде өттү. Албетте, толкундануулар болду, башка катышуучулардай эле мен дагы жеңишке аракет кылдым. Бирок тилекке каршы ийгиликке жете албадым. Бул менин акыркы катышуум эмес дагы көп ийгиликке жетем деген максатым бар»,-деп айтты.

Көрүүчү катары ою мындай болду: «Мен көрүүчү катары эң негизги белгилеп кетерим, биздин женуучу Жаннета алган байгесине татыктуу деп эсептейм»,- деп айтып өттү Разылканова Алтынай.

 

Даярдаган: Бермет Жакшылыкова

Радиомост, Талас