«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Алтын же экология? Үрмаралдыктардын ой-пикири

29 Декабрь 2018 жыл 18:30
Көрүүлөрдүн саны: 35

Талас областына караштуу Бакай-Ата районунда жайгашкан Үрмарал кенинин тегерегинде ар кандай пикир келишпестиктер «Полюс Голд Кей Джи» жоопкерчилиги чектелген коому 7525 (жети миң беш жүз жыйырма беш)доллар сунуштап ауциондон утуп, Үрмарал суусунун алтынын алуу боюнча иш чаралар башталгандан бери болууда.  Мындан улам жергиликтүү элдин да ой-пикирлерин чагылдырууну туура чечтик.

интернеттен алынган сүрөт

Максат жергиликтуу тургун: Үрмарал суусундагы алтынды алууга, мен каршымын себеби, чон техникалар, ар кандай аппаратуралар менен алтынды алышса анда миңдеген ошол Үрмарал суусун ичип жаткан жергиликтүү эл таза суу иче албай калышы толук мүмкүн. Андан тышкары бир аз алтын алуу үчүн көптөгөн токойлорду кыйып, жердин почвасы бузулса, биз мал жандыктарыбызды жайууга да чоң коркунуч туудурат.

Аты жөнүн атагысы келбеген жергиликтуу тургун: «Менин оюмча Үрмарал кениндеги алтын казууну таптакыр токтотуш керек. Себеби угушума караганда 12 кг алтынга жетпей турган, алтын алынат экен анан эми бир муштум алтын үчүн жүздөгөн гектар жерлерди тунук суубузду булгап, алтынды алганы бул кыргыз элине кылган кыянаттык жана душмандык катары баалайм.»

интернеттен алынган сүрөт

Үрмарал кенин иштетүүгө лицензия алган мекеме тууралуу:

«Полюс Голд Кей Джи» жоопкерчилиги чектелген коому КР Юстиция Министирлигинин сайтындагы электрондук маалыматка ылайык 2016-жылдын 6-июнунда каттоодон өткөн. http://register.minjust.gov.kg/register/Public.seam?publicId=397102 жана анын жетекчиси Акимов Андрей Владимирович деп жазылган.

Андан тышкары ачык бюджеттер сайтындагы порталына ылайык “Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө”  мыйзамынын 10-беренесинин 1-пунктунун 2-чи пунктучасына ылайык административдик штраф ирээтинде 10.000 сом айып пул салынган деп турат бирок эмне салынды экени белгисиз?

Даярдаган: Шамиль Мурат

Радиомост, Талас