«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Жаңы 2019-жыл «Баластан» балдар билим берүү борборунда болуп өттү.

28 Декабрь 2018 жыл 18:38
Көрүүлөрдүн саны: 42

Талас  шаарындагы «Баластан» балдар билим берүү борборунда жаңы жылдык майрам болуп, иш чарага 1-класстан 6-класска чейинки балдар жана кыздар катышышты. Бул жаңы жылга арналган кече 2018-жылдын 28-декабрында болуп өттү

Талас шаарындагы «Баластан» балдар билим берүү борборунда жаңы жылдык кече болду. Ага ушул эле шаардагы мектептерден келген окуучулар катышты. Негизинен эле жаңы жыл, баарыбыздын көптөн күткөн майрамдарыбыздын бири эмеспи. Өзгөчө бул  балдардын сүйүнүчүндө чек жок. Ушул ийримде окуган окуучулар түрдүү жаныбарлардын кийимдерин кийип көңүлдөрүн көтөрүштү.

Бул жаңы жылдык кеченин уюштуруучулар да өз ойлорун айтып кетти:

 «Мен Бермет Уланбекова. Мага балдар менен  иш алып барган абдан жагат. Учурда бий иириминен сабак берем. Биздин балдар жаңы жылды абдан жакшы маанайда тосуп жатышат»,-деп айтты.

«Мен Умида Абдылдаева  тарбия иш заучу болуп эмгектенем. Биздин борборго катышкан балдар үчүн үч күндөн бери жаңы жыл өткөзүп жатабыз. Дагы алдыда эки күнүбүз бар. Балдардын маанайы эң жакшы, абдан кубанып жатышат. Балатыда биздин балдар ыр айтуу, бий бийлөө жагынан дагы эң жакшы катышууда»,-деп биз менен оюн бөлүштү.

Аталган борбордо он бир жылдан бери өз салымын кошкон Япония өлкөнүн жаранын айтымында:

 

GE DIGITAL CAMERA

“Саламатсыздар урматтуу кыргыз элим, баардыгыңыздардын кирип келе жаткан жаңы жылыныздар менен куттуктайм! Мен бул билим берүү борборунда Япон тилинен сабак берем. Кесиптештерим айткандай эле мага дагы балдар менен иштешкен абдан жагат. Мына бүгүн жаңы жылды тосуп жатабыз. Балдардын жүздөрүнөн күлкү кетпей,  өздөрүн өнөрүн көрсөтүп жатышат»,-деп айтты Терада Татсуосан.

«Менин атым Анжела. Мен азыр бий ииримине катышам. Мага бүгүнкү балаты кечеси абдан жакты жана көңүлдүү өткөздүк»,-деп айтып кетти ийримдин катышуучусу .

Ошондой эле балатыга катышкан карман өз оюн айтып өттү:

«Мага бүгүнкү кече абдан жакты . Мен бул кечеде Кар ханышасынын ролун аткардым жана Аяз атадан белек алдым»,-өз кубанычы менен бөлүшүп кетти Аделия.

Даярдаган: Бермет Жакшылыкова

Радиомост, Талас