«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Чыңгыз Айтматов адабияттын жан дүйнөсүнүн азыгы

26 Декабрь 2018 жыл 8:57
Көрүүлөрдүн саны: 49

2018 –жылдын, 24-декабрында Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата. Талас шаарынын  Аман Токтогулов атындагы китепкананын кеңсесинде, кесиптик колледждер арасында, «Чынгыз Айтматов адабияттын жан дүйнөсүнүн азыгы» атту кызуу акыл таймаш өттү

Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата кесиптик колледждер арасында кызыктуу акыл таймаш болуп өттү. Таймашка катышкандар: Талас агрардык колледжи, медициналык колледж  жана ИСИТО кесиптик колледжи. Бул иш чаранын максаты студенттерге Айтматовдун китептерин окууга, кызыгуусун арттыруу болду. Таймашта улуу жазуучубузга арналган ырлар окулуп , учкул сөздөрү айтылып . чыгармаларынан үзүндүлөрү көрсөтүлдү.

Бул таймашта биринчи орунга ээ болгон ИСИТО колледждин студенттери болду, ал эми экинчи орунда –медициналык колледждин студенттери, үчүнчү орунду агрардык колледждин студенттерине ыйгарылды. Сонунда студентер балуу белектер, китептер менен сыйланып  жеңүүчүлөргө грамоталар тапшырылды.

Даярдаган: Бермет Жакшылыкова

Радиомост,Талас