«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Тургунбек Бекболотовдун 70 жылдык юбилейи белгиленди

20 Декабрь 2018 жыл 18:25
Көрүүлөрдүн саны: 29

Талас  шаардык  драма  театрында   Тургунбек  Бекболотовдун 70  жылдык юбилейи белгиленди .

Кече  19 – декабрь  Талас  элдик  театрында  Тургунбек  Белболотовдун  70 жылдык  юбилейин белгиленди . Бул иш  чарага Талас облустук  ыйгарым  укуктуу өкүлдөрү ,жазуучулар  союзунун мүчөлөрү  жана мектеп  окуучулары  менен  студенттер  катышышты.

 Акындын ырларын замандаш кесиптештери окуучуларга, студенттерге  мани мазмунун кененирээк түшундүрүп, сыймыктануу менен эскеришти  .Тургунбек Бекболотовдун  ырларын  укканган адамга дем бергендей эле болду . Канча ой, канча акыл  менен мааниси терең ыр саптары көрүүчүлөргө албетте эн чоң таасирин тийгизип ,Тургунбек Бекболотовдун ырларын  окууга  жана ошондой эле поезияны сүйүүгө чакырат.

 Ишчаранын катышуучусу Арсыкан Момунаева өз ойун билдирип кетти:

 «Ошентип  Байдылда Сарнагоев атындагы сыйлыктын ээси , 8 китептин автору , демократ Тургунбек Бекболотовдун көзү тирүү болгондо  70 жашка чыкмак .Тургунбек Бекболотовго арнап ырымды окуп берейин

ТУКЕ

Ыймандуу да, сабырдуу салкын эле ,

Ыр сабында  ойлору жаркын эле .

Турмушунда жөнөкөй,боорукерлик,

Тургун агай чынында алтын эле…»-деп эжекебиз ырларын айтып кетти .

Нурбүбү Бодошованын айтымында,

«Тургунбек агай чынында баардык жактан үлгү болчу адам эле … Журналистик болсун , акын болсун дайыма чырылдаган чындыкты  таамай айткан кашкөйлүгунө суктанам. Агайдын ыр саптары азыркы доорубузду дале болсо чагылдырып келет . Аттин , балким бул жашоонун жасалма жактары көп экендигине чыдай албай ,чын дүйнөгө кетип калдыбы…..»-деп айтты

Ошондой эле иш чаранын катышуучусу төмөнкүдөй өз ойун айтып кетти,

«Тургунбек агайдын ырларынан эле таанышып бул иш чарага катыштым . Агайыбыздын  «Кечки ырлар» атту  китеби бар»,- деди Мээрим Арзыкулова.

 

Даярдаган: Бермет Жакшылыкова

Радиомост Талас