«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

“Балдар оюн аянтчасы” ачылды

8 Декабрь 2018 жыл 16:19
Көрүүлөрдүн саны: 69

“Балдар оюн аянтчасы” ачылды

Талас облусттук А.Токтогулов атындагы китепканасында жаны долбоор ишке ашууда

Талас шаарында “Балдарга оюн аянтчасы “Кыргыз Респубиканын билим  берүү минстирлиги жана ЮНИСЕФ  колдосуу менен ачылган.Бул долбоордун  максаты балабакчага барбаган жана үй-бүлөлүк шаарты жок балдар үчүн ачылган. Балдар үчүн бардык шартар түзүлгөн.Мисалы, ар кандай кызыктуу жомок китептери,оюнчуктар бар.Ошондой эле балдар ата-энеси менен чогуу өткөргөнгө шартар түзүлгөн.

Аталган балдар оюн аянтчасы жөнүндө китепкананын адисинин айтымында:”Бул жөн эле оюн аянтча эмес, төрөлгөндөн баштап 3 жаш чейинки балдардын эрте өнүгүү боюнча аянтчасы деп эсептеленет.Бунун келечеги чоң.Азыркы учурда балабакчалар жетишпейт,көп балдар үйдөндө отурушат.Ошондой балдар үчүн бул аянтча  ачылган.Бул жерде балдар ойноп жана оюн түрүндө балдардын өнүгүсүнө жардам берүү”,-деп белгилеп кетти  Оморова Чынара

Балдардын ата-энелери дагы өз ой пикирлерин билдирип кетишти:

“Мен,Тенирбердиева  Анипа .Менин  кичинекей баламды жана кызымды “Оюн аянтчасына” алып келем.Бул жакта бизге абдан жакты.Балдарым балабакчага алып барганга шартым жок ,ошон үчүн мен бул жака алып келем.Аянтчада китепканачылар жана биз  ата-энелер чогуу балдарды ойнотуп,китептерди окууп берип жана башка ата-энелер менен тарбия жана окутуу боюнча тажрыйба алмашып өтөбү”,-деп айтып өттү.

4 –класстын окуучусу өз ойун билдирип кетти:“Мен ,Урмат кызы Сезим ,4 класста окуймун .Биз бул жака досум экөөбуз  күнүгө келип турабыз .Бул жакта  кызыктуу жомоктор окууп беришет жана ар кандай оюндарды ойнойбуз,сүрөт тартабыз,ырларды жатайбыз жана башка балдар менен мек курганга үйрөнөбүз “,-деп өз ойун айтып кетти.

 

Даярдаган:Алина Абенова,Ажар Салиева

Радиомост,Талас