«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Ч.Айтматовдун 90-жылдыгына карата Таласта шаарында чоң иш чара болуп өтүү

7 Декабрь 2018 жыл 18:39
Көрүүлөрдүн саны: 67

Ч.Айтматов агабыздын 90-жылдыгына карата “Чынгыз Айтматовко таазим” атту концерти болду.

“Айтматовдун ааламы апалар” атуу концерттик программа уюштурулду

Бугун,7-декабрда А.Огонбаев атындагы музыкалык мектебинде Ч.Айтматов агабыздын 90-жылдыгына карата “Чынгыз Айтматовко таазим” атту концерти болду.Бул туралуу”Талас айымдар” коомдук уюумдун жетекчиси Акмат к Махабат өз ойун билдирип кетти:

“Бугун А.Огонбаев музыкалык мектебинде чоң иш чара болуп жатат. “Талас айымдар”коомдук уюму маданий иш чара уюштурганбыз,иш чара өзүнүн этаптары менен бүгүнкү күнгө чейин жүрүп келди.Бул акыркы этабы,баардык шайыр апалардын башын кошуп “Айтматовдун ааламы апалар” деген концерттик программасын уюштуруп жатабыз. Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча көркөм окууларды,монолог жана каармандардын ырлары боюнча ушул концертти берип жатабыз.Негизги максатыбыз Чынгыз агабызды даңазалоо,ушул Айтматов агабыздай чыгаан уул кыздар төрөлсүн деп келечекке кам көрүү жана жакшы тарбиялоо.Бул иш чара максатына жетти деп ойлоп жатабыз”,- дейт.

Катышуучу Ысмайылова Анаркүл Жумановна мындай дейт:

“Атабыз Ч.Айтматовдун 90-жылдыгына карата ушул маданий иш чараларды өтүп жатат, биз Талас айымдары май айында баштаганбыз 12-декабрда Шекер айылына барабыз,менин оюумча бул акыркы иш чара деп ойлойм. Кыргыз элиме тынчылык каалайм,- деп жыйынтыктап кетти.

Касымбаева Айжан айтып өтүү:”иш чара абдан чон денгээлде өтү жана шайыр апалар өз өнөрлөрүн тартуулашты.Мен өзумө жакшы пайдаларды алдым десем болот”,деп айтып өтүү

Даярдаган:Ажар Салиева,Абенова Алина.

Радиомост,Талас