«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Өкмөттүк эмес уюмдардын жарманкеси өткөрүлдү

5 Декабрь 2018 жыл 14:04
Көрүүлөрдүн саны: 50

Талас шаарында “Кызылай” коому тарабынынан Дүйнөлүк ыктыярчылар күнүнө карата Өкмөттүк эмес уюмдарынын жарманкеси болуп өттү

Бугун, 5- декабрда А. Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде жарманке  болуп өттү. Бүгүнку жарманкенин башкы максаты болуп, Талас облусундагы өкмөттүк эмес уюмдарды бириктирүү, алардын ишин жайылтуу жана коомчулукка кененирээк маалымат берүү.

“Кызылай” коомунун кызматкери Шаршенова Гулипа мындай деди

“Мен кан тапшыруу боюнча элдерге маалымат берем жана ошондой эле ыктыярчылар менен тыгыз иш алып барам. Бул майрамды өзүңүздөр билгендей эле жыл сайын белгилеп келебиз. Бул иш чараны “ Кызылай” коому өткөрүп жатабыз. Бул “ Кызылай “ коомун максаты башка өнөктөш ыктыярчылары менен иш алып баруу. Башкаларга кааларым чын ден-соолук, ушундай ийгиликтерди каалап кетмекчимин”,-деди Гулипа Шаршенова.

Ал эми “Кызылай” коомунун ыктыярчылары Акбермет Анарбекова  жана Искендер Токтогулов дагы өз оюн калтыра кетти:

“ Бүгүнкү иш-чач эң жакшы деңгээлде өттү. Өзүмө жакшы сапаттарды ала алдым десем болот. Бугүнкү иш-чарадан дагы көптөгөн жакшы сапаттарды ала алдым. Мен башкаларга кааларым ыктыярчы болуп иштөөсүн каалайм”,-деп айтты Акбермет Анарбекова.

“ Бүгүнкү иш-чара кызыктуу болду. Мен мынча көп уюм бар экенин билбептирмин. Иш-чара аркылуу өзүбүзгө пайда ала алганыбыз көп, жакшы сапаттарды ала алдык. Мындан нары дагы көп жолу иштешебиз деп ойлоймун. Башкаларга кааларым баарыбызга ийгилик, бири-бирибизге жардап берип жүрө берелик”,-деп өз оюн айтты Искендер Токтогулов.

Даярдаган: Ажар Салиева, Алина Абенова

Радиомост, Талас