Кечээ 4 -декабрь “Манас” эпосун адамзаттын мурасы деп дүйнө тааныган кун. Бул күндү Талас облусундагы “Аман Токтогулов” атындагы китепканасында болуп өттү
Бул чечимди Бакуда өтүп жаткан материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча ЮНЕСКОнун өкмөттөр 24 мамлекеттен турган комитеттин мүчөлөрү кабыл алышты.
Кыргызстандын делегегациясын жетектеп келген Жогорку Кеңештин депутаты, ЮНЕСКЕнун иштери боюнча Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Карганбек Самауов’’ Бугун кыргыз элинин тарыхын ,рухун ичине камтылгын ‘’Манас” эпосунун үчилтигин колдоп добуш бергендериңиздерге ыраазычылык билдиришти.
“Бул күн- Улутубуздун сыймыгы болгон “Манас” эпосунун күнү деп аталып тарыхый датага айланган өзгөчө күн. “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпикалык үчилтиги Кыргыз Республикасынын атынан ЮНЕСКОнун “Адамзатмаданиятынын материалдык эмес, маданий мурастарынын” тизмесине катталган
Элибиз сөз өнөрүн ушунчалык бийик денгээлге көтөрүп, сөздөн океандай эпос жаратып дүйнөлүк оозеки маданияттын үлгүсүн адамзаттык дөөлөт катары көтөрүп чыкты. Биз ушул менен мактанып дагы, сыймыктанып дагы келебиз”.
Даярдаган: Алина Абенова, Ажар Салиева
Радиомост, Талас