Талас шаарындагы ‘’ Биз жана Россия ‘’ деген майрам болуп өттү
Талас шаарындагы А.Огомбаев атындагы музыкалык мектебинде ‘’Биз жана Россия ‘’ деген майрам болуп өттү. Майрамдын максаты ар бир улуттун өкүлчүлүктөрүн ынтымакка чакыруу. Ошондой эле Талас облусттук ыйгарым укуктуу өкүлү ар улуттардын жетекчилери жана мектеп окуучулары катышты. Андан тышкары ‘’Союз Единения’’ уюушууну жетектеген Божекова Светлана Аруновна майрамга катышкандарга, ар улуттун жетекчилерине баалуу белектерди жана дагы мактоо баракчаларын тапшырды.

Бул майрам жөнүндө “Союз Единение” коомдук бирикмесинин юристи айтымы боюнча:
“Мен,Суйунбековна Элиз Ахматовна коомдук бирикемеде юрист болуп эмгектенем. ‘’Биз жана Россия» атту иш-чара Кыргызстандагы Россия күнүнө арналган. Бул өткөрүлгөн майрамды «Рос- сотрудничество» тарабынан каржыланган. Бул майрамга Талас областындагы ар улуттун өкүлдөрү катышышты. Алар өз улуттук тамак-аш жана улуттук кийимдерин көргөзушту ’’, – деп баяндап кетти.

Ошондой эле татар улутунун өкулу майрам жөнүндө өз оюн бөлушту:
“Мен, Гузалия Исхакова татар улутунун өкулу. Бүгункү өтүп жаткан иш-чарага катышып жатамын. Бүгүн биз өзүбүздүн улуттук кийимдерди жана тамак-аштарыбызды көрсөтүп жатабыз. Бул майрам жогорку деңгээлде болуп жатат “, -деп билдирди.
Майрам жөнүндө дагы ой пикирлерин билдирип өтүштү:
“Мен , Кубатбек кызы Мунара. Бугунку майрам абдан жакшы өттү жана бул майрамга ар улуттун өкүлдөрү катышышты. Ошондой эле ырдап, бийлешип өз улуттук тамак -аштарын тартуулашты .Ушундай майрамдар көп болуп турсун”,-деп өз оюн билдирип кетти.
Эскерте кетсек: бул иш-чараны Талас шаарындагы коомдук бирикме ‘’Союз Единение’’ тарабынан уюштурулду.
Даярдаган: Алина Абенова ,Ажар Салиева
Радиомост, Талас