«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Талас шаарындагы №90 лицейинде студенттер практикага чыгышты

17 Ноябрь 2018 жыл 11:37
Көрүүлөрдүн саны: 22

Талас шаарындагы №90 лицейиндеги студенттер Талас районуна барып, чачты кыркуу боюнча практикага барышты

Талас шаарындагы №90 лицейдин студенттери Талас районуна караштуу Жон-Арык айылындагы А.Нуржанов атындагы орто мектебиндеги окуучулардын чачын алуу боюнча практика өтүштү. №90 лицейдин мастери Айнура Молдобекованын айтымында:

“Бүгүн жаш студенттерди чачты кыркуу боюнча Жон-Арык айылын дагы А. Нуржанов атындагы орто мектебиндеги окуучулардын чачын кыркуу боюнча практикага барышты. Ал жакка 15 окуучу болуп бардык. Алып барган максатыбыз, бул албетте жаш студенттердин келечегинде жакшы мастер кылуу”,-деп билдирди Айнура Молодобекова.

Ал эми №90 лицейдин студентти Сезим Кенжекул кызы  өз оюн калтыра кетти:

“Мен №90 лицейде окуп жатканыма 3 ай болуп калды. Мен ал жакка баргандан бери чачты туура кыркуу, чачты боёну жана жеңил чач жасалгаларды үйрөндүм”,-деп билдирди Сезим Кенжекул кызы.

Жон-Арык айылындагы А. Нуржанов атындаы орто мектебинин окуучусу Белек Назармамбетов билдирүүсү боюнча:

“Мен чачымды “кикбокс” стилинде кырктырдым. Мага абдан жакты. Алардын келечегине көптөгөн ийгиликтерди кааламакмын”,-деди Белек Назармамбетов.

Даярдаган: Мээрим Сагынбек кызы, Алина Абенова

Радиомост, Талас.