Талас эли балдарын мектепке дайындап жатышат.
Окуу жылынын башталышына аз убакыт калып, базарларда окууга даярдап, кийим-кече, окуу куралдарды алып жүргөн ата-энелер арбын. Алардын айрымдары бир балага 5 миң сом сарптаганын айтса, кээ бирлери 10 миң сомго чейин акча кетээрин белгилешет. Албетте бул баа товардын сапатына жараша болот. Шаар тургуну Нурболот Дүйшөнбековдун айтымында:
“Азыркы учурда баардык мектепке керектүү нерселер кымбат. Менин 3 балам бар. Алардын 3өө тең мектепте окушат. Ойлонсок жыл сайын 3өнү 20 миңге же 20 миңден ашык сомго кийинтет экенбиз. Бирок айла жок балдарыңды окуткуң келсе, кымбатына карабай кийинтет экенсиң”-деп билдирди Нурболот Дүйшөнбеков.
Ал эми сатуучулар болсо мектепке керектүү кийим-кечелердин, окуу куралдардын баалары 2017-жылга салыштырганда ошол эле бойдон деп билдиришти.
«Биз кийим-кечелерге бааларды ылайыктап өзүбүз коёбуз. Баалар бул товардын сапатына жараша болот. Азырынча соода жайдан жүрүп жатат, себеби Талас эли кийим-кечелерди 2017-жылга караганда кымбат дешип жатышат. Бирок ошол эле 2017-жылдын баасы»-деп билдире кетти Альбина Төлөнова.
Окуу курал саткан Аяна Русланова окуу куралдары 2017-жылга караганда арзаныраак деп билдире кетти.
Даярдаган: Саадат Нуржан кызы
Радиомост,Талас
Сынак үчүн