Талас шаарындагы машыктыруучу зал “Жыргалбек” көптөгөн ийгиликтерди багындырууда.
Талас шаарындагы “Жыргалбек” залына Бишкек шаарынан бери келген, машыктыруучу болуп эмгектенген Жандил Болотбек уулу төмөнкүлөрдү айтты:
“Зал 2017-жылдын март айында ачылган. Кикбоксинг залы 6 облуста бар. Ал эми Талас облусунда кикбоксинг жок болчу. Ушудан улам Талас шаарына кикбоксинг залын ачканга туура келди. Бул жерге 6 жаштан баштап балдар келишет. Бул убакытка чейин балдар эле келишчи, азыр кыздар дагы келе башташты. Бизде спорттун 2 түрү бар. Биринчиси күрөш, ал эми экинчиси болсо кикбоксинг”,-деп билдирди Жандил Болотбек уулу.
Кыргызстандын үч жолку чемпиону Саламат Бактыбек уулунун айтымында:
“Мен бул жерге катышканыма 2 жарым жыл болду. Өз каалом менен катышкам. Кыргызстандын 3 жолку чемпиону болдум. Жаш өспүрүмдөргө келгиле, машыккыла жана ден-соолугуңарды чыңдагыла деп айтмакчымын”,- деп айтты Саламат Бактыбек уулу.
Ал эми кыз болгонуна карабай, кикбоксингге дагы кызыгып катышып жаткан Алтынай Орозбекова дагы өз оюн билдирди:
“ Кикбоксингге катышканыма 2 ай болду. Бул жерге мен өз каалом менен келгем. Азырынча ийгиликтерге жетише элекмин, бирок буйруса жетишем деген ойдомун. ”,- деп өз оюн айта кетти Алтынай Орозбекова.
Даярдаган: Гулназ Мамырбекова
Радиомост, Талас
Сынак үчүн