«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Талас шаарында “Байкөл” эс алуучу жай жаңыланууда

31 Июль 2018 жыл 11:07
Көрүүлөрдүн саны: 52

Талас шаарында “Байкөл” эс алуучу жай жаңыланууда

 5 жылдан ашуун иштебей, жаңыдан иштеп баштаган “Байкөл” эс алуу борбору.

Талас шаарындагы “Байкөл” эс алуучу жайдын ээси  Саяткан Жекшеналиевдин айтуусу боюнча:

““ Байкөл” былтыртан бери иштеп келе жатат. Кышында биз жөн отурбастан мууз аянтчасын кылабыз. Ачылган максатыбыз, Талас шаарынын  тургундары эс алышсын деп ачканбыз. Иштөө убактысы эртең  мененки 10:00 дон түнкү  00:00 го чейин. Азыркы учурда 6 кызматчы иштейт. Биз жай мезгилинде эле эмес, кыш мезгилинде дагы иштейбиз. Жана айтып кеткендей кышында балдар үчун мууз аянтчасын ачып беребиз. Алдыга койгон максатыбыз чоң, себеп дегенде Талас шаарынын эс алуучу жайлардын бирине кириш керек деп ойлоймун”,- деп айта кетти Саяткан Жекшеналиев.

 

Ал эми “Байкөл” дун кызматкери  Анархан Жунушбаеванын айтымында:

“ Мен келген кардарларды тейлейм жана повармын. Мен бул жерде “Байкөл” ачылгандан бери

эле иштеймин. Жумушум жагат. Эмнеси менен дегенде, балдарга ар түрдүү тамактарды жасап бергеним менен жагат. Балдарга баары жагып жатканы менен сыймыктанам”,- деп билдирди Анархан Жунушбаева.

 

Талас шаарынын тургуну Альбина  Төлөбекова дагы өз оюн айта кетти:

“ Мен  “Байкөл” гө биринчи жолу келип жатам. Буга чейин балдарым келчи. Талас шаарынын тургундары айта турган кеңешим келип эс алып кеткиле”,-деп кабарлады Альбина Төлөбекова.

Сиздерди дагы келип эс алууңуздарга тилектешбиз.

 

 

Даярдаган: Даткайым Бактыгул кызы, Айнуру Керимбаева

Сүрөттүн автору: Даткайым Бактыгул кызы, Гулназ Мамырбекова

 

Радиомост, Талас