Азыркы убакта баарыбыз техникага жакын боло баштадык. Ал нерселер бузулса кандай гана жаман болобуз. Туура оңдоочу жайларды да таба албай, кээде башыбыз катат. Ал эми дал ушул чыгарылышта,
Талас шаарындагы “Кристалл Сервис” техника-кеңсеси жөнүндө сөз кылмакчыбыз.
“Кристалл Сервис” 10 жылдан бери элге кызмат көрсөтүп келүүдө. Бул жерде техникаларды оңдоо, аларды туруктуу баада сатып алуу кызматтары каралган. Аталган кеңсенин жетекчиси Каныбек Балбаевдин айтымында:
“Алгач ачылганыбызда сатык кызматыбыз жок болчу. Көбүнчө биз мекемелер менен иштешебиз жана жеке кардарларыбыз дагы бар. Демөөрчулөр азыркы учурда жок, тескерисинче биз демөөрчү болуп жатабыз”,-деп билдирди Каныбек Балбаев.
Ал эми “Кристалл Сервис”тин кызматкери Сыргабек Кызалаковдун айтымында:
“Менин иштегениме 2-3 ай болуп калды. Билген адамга кыйынычылык деле жок болот. Баары жакшы эле”,-деп айта кетти Сыргабек Кызгалдаков.
Кардарлар дагы бул кеңсе жөнүндө жакшы ой-пикирлерин калтырышууда. Шаар тургуну Калысбек Жумабаев бул жерден Таласта жок техникалык тетиктерди таба алса болот. Баардыгы туруктуу баада жана сапаттуу нерселер деп өз оюн билдире кетти.
Даярдаган: Саадат Нуржан кызы.
РадиоМост, Талас.