«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Талас шаарындагы “Денро” эс алуучу паркы

20 Июль 2018 жыл 12:58
Көрүүлөрдүн саны: 12

“Денро” парк айыл тургундарына гана эмес, шаар тургундарына дагы өз кызматын көрсөтүүдө.

Талас шаарына караштуу Манас айылында эс алуучу жай  “Денро” паркы ачылды. “Денро” парк жөнүндө кыскача маалыматты, анын кожоюну Кушубак Кутманалиев айта кетти:

“Иштеп баштаганыбызга 2 жыл болду. Акча жаатында жардам берген демөөрчүлөр жок, өзүбүз эле иштетип жатабыз. Кызматкерлердин ордуна биз үй-бүлөбүз менен гана иштейбиз. Алдыга койгон максатыбыз, дагы да болсо “Денро” паркына көп деген элдерди эс алганы кышкысын-жайкысын  тартуу жана туристтерди кабыл алуучу мейманка ачуу деген иойлорум бар. Эс алуучуларга оюндарды ойногон стадион, тоонун чокусуна чыгып панорама сыяктуу жайлар жана башка шарттар атайын каралган”,-деп билдирди Кушубак Кутманалиев.

“Денро” парктын  кызматкери Индира Алишерованын айтымында:

“Мен келген кардарларга суранган  тамактарын жасап берем.  Ар бир жумуштун оорчулугу болот эмеспи. Кыйынчылык көбүнчө учурда кардардын оюндагысын кыла албайсын жана дагы түйшүктөру көп, азыр болсо жакшы көнүп калдым”,-деп айта кетти Индира Алишерова.

Атайын Бишкек шаарынан “Денро” паркына келген кардар Айнура Дикманова жакшы ойлорду калтырды:

“Мен атайын Бишкек шаарынан “Денро” паркына эс алганы келип отурам үй-бүлөм менен. Биринчи жолу келишим бул жерге. Мага абдан жакты. Өзгөчөлүктөрү  кардарга болгон мамилелери сылык, абасы таза, айлана-чөйрөсү кооз. Кыргызстан элдерин “Денро” паркка келип, эс алып кетишине чакырат элем”-деп билдирди Айнура Дикманова.

Даярдаган: Айнуру Керимбаева, Саадат Нуржан кызы.

РадиоМост, Талас.