«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

“Алымбек-Ата” бассейини

20 Июль 2018 жыл 12:58
Көрүүлөрдүн саны: 33

Жайдын аптаптуу күндөрүндө ар бир адамдын сууга түшкүсү келет. Албетте кайсыл бассейн жакшы деп ойлонушат. Талас шаарында көптөгөн бассейн бар жана алардын бири “Алымбек-Ата” бассейини.

Талас шаарында “Алымбек-Ата” бассейинин кожойкеси Чолпон Секинова кыскача маалымат бере кетти:

“Бассейн 10 жыл мурун ачылган, жаңы ачылганда кичинекей эле үстү ачык болчу жана 4 жыл мурун биз устүн жапканбыз.  Азыркы учурда 6 кызматчы иштейт. Шарттары бут кийим которобуз, бассейнге тушөрдүн астында сөзсүз  душка тушөбүз.  Ар куну ар кандай кардар келет, бир куну көп болсо, кийинки куну аз. Биз бардык эле мезгилде иштей бергенге шарт бар, бирок Талас эли жай өткөндөн кийин, бассейнге келбей калышат.  3 саатка 200 сомдон, бирок 3 саатта деле эч кимди куба элекбиз. Иштөө убактысы эртен менен  11ден баштап, кечки 11ге чейин. Сууга кичинекей балдар ата-энеси менен келип тушуп жатышат. Наркы жагында атайын балдарга арналган жагы бар,ошол жерден барып түшө беришет”,-деп айта кетти Чолпон Секинова.

 

Шаар тургундары дагы бассейинди канаттандыраарлык деп өз ойлорун билдирип кетишти.

Талас шаарынын тургундары Алина Жакшылыкова жана Адилет Торобеков оз ойлорун калтырып кетишти:

“ Мен бассейнге көп жолу келгем. Мага “Алымбек-Ата” бассейини абдан жагат десем жанылышпайм, себеби таза, чоң адамдар жана кичи балдар түшө турган жерлери өзүнчө”,-деп билдирди Алина Жакшылыкова.

 

“ Күндүн ысык аптаптуу күнүндө бассейинге үй-бүлөбүз менен эс алганы келгенбиз.  Бул бассейинге биринчи жолу келишим. Бассейиндин шарттары жана кызматкерлердин кардарларга кылган мамилеси жогорку деңгээлде экен.  Талас шаарынын тургундарына, келип  “Алымбек-Ата” бассейинине  түшүп,  эс алып кеттиниздер демекчимин”,-деп оюн билдирди Адилет Торобеков.

Жана ошондой эле бассейндин ичинде аквапарк жаңыдан ачылды.

 Даярдаган:  Айнуру Керимбаева.

Радиомост, Талас.